Алматыдагы кырсыктан эки кыргыз каза болду

Алматыдагы кырсыктан эки кыргыз каза болду

Кечээ, 3-октябрда, Алматы облусунун Иле районунда “East Wing” авиакомпаниясынын Ан-28 учагы кырсыкка кабылып, жерге кулап түшүп, өрттөнүп кеткен. Анын ичиндеги 5 адам каза болгон.

Бүгүн, 4-октябрда, беш адамдын экөө кыргызстандыктар (64, 66 жашта) экени аныкталганын Тышкы иштер министрлигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирүү таратты. Ошондой эле, учурда маркумдардын сөөгүн мекенине жеткирүү иши жүрүп жатканын кошумчалады.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.