“Достукка” кел, Элдик курултайды талкуулайбыз

“Достукка” кел, Элдик курултайды талкуулайбыз

Улуттук –мекенчил күчтөр түзгөн ТЭК (Туруктуу Элдик Кеӊеш) билдирүү таратты. Алар кезектеги жыйынын 10-октябрда, саат 10.00дө «Достук» мейманканасында уюштуруп, эки маселени карашат.

ТЭК КРнын президентин шайлоого байланышкан коомдук-саясий мааниси бар маселе чечилип жаткан учурда өлкөнүн өкүлчүлүктүү жана мыйзам чыгаруучу бийлиги болуп эсептелген Жогорку Кеӊеш активдүү ишмердүүлүгүн токтотуп, жер жерлерге шайлоочулар менен жолугушууга тарап кетишин улуттук кызыкчылыкка кайчы келген кадам катары айыптайт. Анткени күн сайын эмес, саат сайын коомдук-саясий абал өзгөрүп, админстративдик кийлигишүүлөр, акча таратып сатып алуулар, улуттар аралык мамилелерди курчутуу сыяктуу мыйзам бузуулар кадам сайын учурап, сырткы жана ички бузуку күчтөр активдешип, мамлекетибизде кооптуу кырдаал түзүлүп жаткан мезгилде Кыргыз парламенти мыйзамдуулукту сактап, көзөмөлдү күчөтүүнүн ордуна айрым депутаттар бийликтин жана байлыктын талапкерлерин сүрөөнгө алышып, ачыктан ачык агитациялык иштер менен алпурушуп, коомдогу чыӊалууну күчөтүүгө өздөрү салым кошуп жатышканы эч бир чен өлчөмгө сыйбаган, жоопкерчиликти сезбеген жосунсуз көрүнүш катары баалайбыз.

Күн тартиби:

1) КРнын Президентин шайлоо жараянынын жүрүшү жөнүндө;

2) КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркүловдун демилгеси менен даярдалып, 29.09.17. баштап коомдук талкууга коюлган «Элдик Курултайлар жөнүндө» мыйзамдын долбоору туурасындагы маселелер каралат.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.