Сагын НИЯЗАЛИЕВА: «Гүлбү «ичим» деп эле кете бериптир»

Сагын НИЯЗАЛИЕВА: «Гүлбү «ичим» деп эле кете бериптир»

Белгилүү ырчы Гүлбүбү Ороскул кызынын каза болгондугу жөнүндө суук кабар тез эле тарады. Бул суук кабарды тактоо үчүн “Сармерден” теледолбоорунун жетекчиси Сагын Ниязалиевага чалып, тактадык.

— Кечиресиз эже, Гүлбүбү Ороскул кызынын каза болгону чынбы?

— (Дароо ыйлап жиберди) Чын-чын. Менин да укканыма бир саат болду.

— Эмне болуп кетти, ооруду беле?.

— Ооба, ооруп жүрчү.

— Ооруканадан каза болдубу?

Жок, үйүнөн эле. “Ичим ооруп атат” деп эле кете бериптир.

 

Эскерте кетсек, Гүлбүбү Элмирбек Иманалиевдин мурдагы жубайы. Эки кыздын энеси. “Достор” тобунун солисти, “Сармердендин” шайыр жеңеси эле. Бул теледолбоордун мурдагы шайыр жеңеси Гүлзат Батырканова да автокырсыктан каза болгон. Кыргызча түлөө өткөрбөсө болбой калды көрүнөт…

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевге, кыздарына жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Назира СААЛИЕВА

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.