Учакта набыт болгондордун сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү

Учакта набыт болгондордун сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү

Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 3-октябрда, Алматы облусунун Иле районунда “East Wing” авиакомпаниясынын Ан-28 учагы кырсыкка кабылып, жерге кулап түшүп, өрттөнүп кеткен. Анын ичиндеги 5 адам каза болгон. Беш адамдын экөө кыргызстандыктар (64, 66 жашта) экени аныкталганы, аты-жөнү такталып жатканын ТИМдин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирип, алардын сөөгүн Кыргызстанга алып келүү иши жүрүп жатканын кошумчалаган.

Бүгүн, 6-октябрда, набыт болгондордун аты-жөнү такталган. Алар учактын командири Геннадий Цой менен инженери Бейшебек Акматбаев болгон. Маркумдардын сөөгүн жакындары тааныгандан кийин. сөөгү Бишкекке жөнөтүлдү.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.