Андигидот: шай-шай-шайлоо-у-уу…

Андигидот: шай-шай-шайлоо-у-уу…

Сапар Исаков жумушчу иш менен Кочкор раойнуна барып калып, топтошкон элдин жанына басып барат. Көбү кары кишилер экен дейт. Ал-жайларын сураган премьер-министрден бир аксакал:

— Балам, шайлоого сен да катышасыңбы? — деп сурайт. Анда Сапар мырза:

— Кыргызстандын жараны катары мен да добуш бергенге акым бар, аксакал, -дейт. Анда аксакал сакалын сылап:

-Кимисине добуш берейин деп жатасың? -деп тике сураса, Сапар мырза жылмайып:

— Мен өз талапкеримди эчак тандап алгам. А сизчи? — десе, аксакал кебелбей:

-Падыша болом дегениңер көп экен балам, бирок Атмиң Ыресуз дейби, жаңы чыккан окшойт, ошону кыйын деп жатышат, ошол аткаминер болот окшойт да, -деген экен.

ТИМБАЙКЕ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.