Казактар Бакиевди жакшы көрөбү?

Казактар Бакиевди жакшы көрөбү?

Атамбаев эми казактарга тийишип өттү. Мамлекеттик сыйлык тапшыруу учурунда президентибиз дагы бир “балп” этип алды.

“Казак бийлиги эмнеге бизге таңуулап жатканын түшүнүп жатам. Алар Бакиевди жакшы көрүшөт. Бакиевдер алигүнчө Казакстанда майрамдарын өткөрүп жүрүшөт. Мен Казакстандын бийик кызматтарындагы кишилеринен: “Бакиевдер элди атып, туура кылышкан” дегендерин уккам. Анткени биз казак элине жаман үлгү көрсөтүп жатыппыз. Нурсултан Назарбаев туура айтат, Казакстандын Ички дүң продукциясы Кыргызстандан 8 эсе көп. Анда эмнеге Казакстандан пенсиялар жогору эмес, ал эми тарифтер 5 эсе жогору? Анткени Казакстандын өкмөтү уурдап жатат. Биз жаман үлгү берип жатабыз, Атамбаев жаман үлгү” деп келип, Атамбаев кайра буларды айтты:

“Мен Назарбаевдин бизге жаш президент келсин дегенин колдойм. Бирок бизде эң жаш талапкер Назарбаевден 20 жашка кичүү. А мен 16 жаш кичүүмүн. Анан жаш президент кимге кереги бар? Бизгеби же Казакстангабы? Казактар биздин бир тууганыбыз, биз тарыхты жакшы билебиз. Казактар – бул бизбиз, 500 жыл мурун чингизидди султан кылып койгонбуз, менимче, азыркыга чейин аларды казактар эмес, чингизиддер башкарат окшойт.”

Бир кезде Атамбаев Нурсултан Назарбаевге расмий иш сапары менен барып: “Келген сайын сизден үлгү алам” деп жасакерленди эле. Эми Бабановду кабыл алып койгонуна, минтип “капкайдагы сөздөрдү» айтып олтурат. Кадимкидей кыргыздарды казактар менен кайраштырып жатканы эмнеси? Чегара аркылуу өткөн кыргыздарыбыз эмне болот? Учурунда Өмүрбек Текебаев парламентте: “Сапар Исаков деген балакайы мени “больной” дептир, мени эмес, өзүнүн шефин ооруканага көрсөтүш керек” деп айтпады беле? Чын эле, кетеринде көрсөтпөсөк болбой калды көрүнөт. “Браво, Атамбаев, тышкы саясат ушундай болушу керек!

Айбалта ЧЫНОЕВ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.