Темир Жумакадыров каза болду

Темир Жумакадыров каза болду

Бул маалымат эртең менен чагылгандай тез тарады. Кырсыкты өкмөт да тастыктады. Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын жетектеп турган. Ал бүгүн, 7-октябрда, Талас облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн жолго чыгып, Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында КамАЗ автоунаасы менен кагылышып, үч киши каза болгон. Анын бири — Темир Жумакадыров. Ал 38 жашта гана болчу.

Темирдин ата-энесине. үй-бүлөсүнө, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

«Алакан»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.