Темир Жумакадыровдун сөөгү “Ала Арчага” коюлат

Темир Жумакадыровдун сөөгү “Ала Арчага” коюлат

9-октябрда, Темир Жумакадыровдун коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында өтүп, сөөгү “Ала Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат.

Эскерте кетсек, вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын жетектеп турган. Бүгүн, 7-октябрда, таңкы саат 7.30да Талас облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн жолго чыгып, Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында КамАЗ автоунаасы менен кагылышып, үч киши каза болгон. Алар: Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов.

Темирдин ата-энесине, жубайына, бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.