Эртең коштошуу зыйнатынан улам айрым жолдор жабылат

Эртең коштошуу зыйнатынан улам айрым жолдор жабылат

Бул боюнча Ички иштер шаардык башкармалыгы билдирди. Эртең, 9-октябрда, саат 9.00дөн 13.00го чейин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровду коштошуу зыйнаты Кыргыз улуттук драма театрында өтүп, сөөгү “Ала Арча” мамлекеттик көрүстөнүнө коюлат.

Коштошуу зыйнатына байланыштуу айрым жолдор жабылат.

Чүй проспектисинен Жаш Гвардиясына чейин, андан Эркиндик бульварына чейин;

Фрунзе көчөсүнөн Жаш Гвардияга чейин, андан Раззаков көчөсүнө чейин;

Ч.Айтматов (мурунку Тынчтык), Манас проспектисине чейин, Фрунзе көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин.

Эскерте кетсек

Вице-премьер-министр Темир Жумакадыров Республикалык шайлоо штабын жетектеп турган. 7-октябрда, таңкы саат 7.30да Талас облусундагы шайлоо участкаларынын даярдыгын текшерүү үчүн жолго чыгып, Бишкек-Кара-Балта жолундагы Садовое айылында КамАЗ автоунаасы менен кагылышып, үч киши каза болгон. Алар: Темир Жумакадыров, жардамчысы Нурлан Жамгырчиев, айдоочусу Нурбек Муканов.

“Акыйкат шайлоо үчүн” Жарандык кыймылдын мүчөлөрү Жумакадыровдун жакындарына көңүл айтты

 Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри, 2017-жылдагы президенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Өкмөттүн штабынын жетекчиси Жумакадыров Темир Курмангазиевичтин үйбүлөсүнө, туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бүгүн Темир Курмангазиевичти таанып, билгендердин баары сиздердин кайгыны тең бөлүшүүдө. Бул трагедия мекендештердин эч кимисин кайдыгер калтырган жок, ал жаңы муундагы көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин сап башында болчу. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!”

Аталган кыймыл 12-сентябрда түзүлүп, ага Роза Отунбаева, Медеткан Шеримкулов, Абдыганы Эркебаев, Зайнидин Курманов, Апас Жумагулов, Феликс Кулов, Равшан Жээнбеков жана коомдук ишмерлер, жарандык активисттер мүчө.

Темир Жумакадыровдун, Нурлан Жамгырчиевдин, Нурбек Мукановдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына “Алакан” сайты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.