Адвокат Улан Жумаков Салянованын ишине юридикалык баа берди

Адвокат Улан Жумаков Салянованын ишине юридикалык баа берди

Адвокат Улан Жумаков Аида Салянованын сот отурумунан калбай катышып, аудиого жаздырып, социалдык түйүндөргө жазып, видеого тартып, түз эфирден берип, элге чындыкты жеткирип келет. Соттук отурумдагы иштерге мындай деп юридикалык баа берди.

Эми козголгон кылмыш ишинин юридикалык жагын карап көрөлү. Аида Саляновага КРнын кылмыш кодексинин 304-беренесинин 4-бөлүгүндөгү кылмыш айыбы коюлууда. Анда ошол беренини карайлы:

304 берене. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу

(1) Кызматтагы тарап өзүнүн кызматтык абалынан кызматтын кызыкчылыгына каршы пайдаланууда, эгерде жарандар менен юридикалык тараптардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын, же мыйзам менен корголгон коомдун же мамлекеттин кызыкчылыктарын бузган болсо, —

 бир миң сомдон эки миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же бир жылдан үч жылга чейин кесилет.

(2) Өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү максатында кылган же өзүнүн башка кызыкчылыгы үчүн кылмышка барса, —

Үч миң сомдон төрт миң сомго чейинки көлөмдөгү айып салынат же үч жылдан беш жылга чейин кесилет.

(3) Ушул эле берененин экинчи бөлүгүндө каралган кылмыш ишинде:

1) өзгөчө ири зыян келтирилсе;

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн болсо;

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсо, —

Жыйырма миң сомдон отуз миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же беш жылдан сегиз жылга чейин кесилип, мүлкү алынат же алынбайт.

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыг иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап, —

Отуз миң сомдон элүү миң сомго чейинки көлөмдө айып салынат же сегиз жылдан он эки жылга чейин кесилип, мүлкү алынат.

Биз көргөндөй, дал ушул төртүнчү бөлүгү коюлууда:

(4) Ушул эле беренин экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши жооптуу абалды ээлеген кызматтагы тарап.

Ушул жерден мамлекеттик айыптоочуга суроо жаралат, аталган беренедеги экинчи жана үчүнчү бөлүктөрүндө каралган кылмыш иши каякта? Берененин 2-бөлүгүндөгү өзү үчүн же башка тараптар үчүн пайда алып келүү же өзүнүн башка кызыкчылыгы максатында кылган кылмыш кана?

Салянова же башка тараптар кандай пайда тапты? Аталган Елисеев лицензиясы узартылганга чейин эле (ал лицензия Кыргыз Республикасынан сырт жакта жарабайт) Латвияда фирма ачып алган экен. Пайда табуу кана же ким пайда тапты?

Үчүнчү бөлүгү боюнча, ушул беренеде каралган экинчи бөлүктө каралган кылмыш иши кана:

1) өзгөчө ири зыян келтирүү (кимге зыян келтирилди? Эч кимге!)

2) уюшулган кылмыштык топтун же кылмыштуу коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн (уюшулган кылмыш тобу же кылмыштуу коомчулук кана? Бул жерде да эч нерсе жок!)

3) эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу (бул боюнча иште да менчик ээси жөнүндө сөз жок, анан кайдагы эркине каршы менчик ээсин алмаштыруу болсун?!)

Бул беренедеги 2-3-бөлүктөр болмоюнча 4-бөлүгү болушу мүмкүн да эмес!!! А 2-3-бөлүктөр иште жок, демек 4-бөлүгү да коюлбашы керек!!!

Эми акыркы суроо: кантип, кантип (!), эмненин негизинде Башкы прокурор Индира Жолдубаева Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага кылмыш ишин козгой алды???!!!

Эми сот ушуну көз жаздымда калтырабы?

Учурда соттун өкүмү күтүлүүдө…

Бүгүн, сот Саляновага акыркы сөз бербей туруп, өкүм чыгарганга чыгып кеткен. Учурда соттун өкүмү күтүлүүдө. Негизи Аида Жеңишбековна акталышы керек. Себеби, созулган сотто бир дагы күнөөсү далилдеген жок. Коюлган күнөөнүн баарын депутаттын адвокаттары кагаз жүзүндө далилдеп бере алды. Тилекке каршы, прокурор аны эске албай, соттон 8 жыл сурады. Буга кесиптештери, тарапташтары, туугандары, коомчулук нааразы. Акыйкатчы Кубат Оторбаев дагы бир курдай сот отурумуна катышып, бардык тарапты угуп, калыстыгын айткан. Сот акыйкаттык кылаар. Үмүт үзбөй туралы!

Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.