Турсунбек АКУН: “Бабанов шайлоодон четтетилиши керек”

Турсунбек АКУН: “Бабанов шайлоодон четтетилиши керек”

Президенттикке талапкер Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөн сөздөрү боюнча түшкөн арыздарды БШК бүгүн карап чыгып, Бабановго эскертүү беришти. Бул боюнча мүчөлөр арасында талаш-тартыш, кайым айтышуулар болду.

Бабановдун сөзү бурмаланганбы?

Н.Арипов Бабановдун сөзү УКМКга экспертизага жиберилип, жыйынтыгы келе электе эскертүү берилгенин туура эмес көрдү. А.Абдрахматова болсо, Бабановдун  үстүнөн келип түшкөн арыз кыргыз тилинде түшүп, ал боюнча корутундунун долбоору орус тилинде даярдалып, Бабановдун сөздөрү бурмаланганын баса белгилеп, аны кыргыз тилинде даярдоону сунуштады. Бирок, бул сунуш өткөн жок.

Арыз жазгандар эскертүүгө нааразы болушту…

Өмүрбек Бабановдун Он-Адырда сүйлөгөндөрү боюнча арыз жазгандардын бири – мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун. Ал бүгүнкү жыйында сөз сүйлөп, “Бабановго эскертүү гана берилбей, шайлоодон четтетилиши керек”,-деди. Кечээ эле Ала Тоо аянтында: “Атамбаев кетсин!” деп жүрдү эле. Эмне болуп, кайра бийликтин сөзүн сүйлөп калганын ким билсин?

Мирзат ЭРЗАТ

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.