Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Бетеге болбой, бел бололу, бегинен бекем Эл бололу”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “Бетеге болбой, бел бололу, бегинен бекем Эл бололу”

Акын, аналитик, журналист Жыргалбек Касаболотов коомчулукка ушундай кайрылуу жазып чыкты. Анда эмесе, чогуу тыңдайлы! Туптуура, жакшы жазылган.

Эл-журт! Шайлоого саналуу күн калды. Азыркы шайлоо негизинен Байлык менен Бийликтин тиреши болот. Бул экөө тең өтө байыркы чоң күч. Бирок экөө тең илгертен Элди пайдаланып, Элди курмандыкка чалып келген. Керектүү учурда күргүштөтүп астына салып айдап, кереги жок учурда эч кимге көрүнбөй көшөгө артында сүйлөшүп да келген. Кыргызда эле эмес, дүйнө жүзүндө деле ушул эки күч алтымыш амалга салып, өз максатына жетип келген. Бирок жалаң Байлык менен жалаңкат Бийликтин артында Кыргыздын мүдөөсү жок. Айрыкча азыр жок. Ушуну унутпагыла.

Мен саясатчылардын кылык-жоруктарын көп байкадым. «Камадым» деген киши «камалдым» деген кишини тымызын үйгө чыгарып коюп, ден соолугун сурап турган учурларын билем. Ошол кезде тигинин туугандары чын эле өз уулу үчүн өлтүргөнгө да, өлгөнгө да даяр турушкан. Тигиниси болсо тымпыйып үйдө жаткан. Дүйнөдөгү дөө-шаалардын бир ооз сөзү менен баары биригип түрмөдөгү бирөөнү куткарып жиберип, кайра эл көзүнө бирин бири айыптап отура беришкен. Азыр эле телекамера көзүнчө жакалашып, мындай чыгаары менен бажакташып кофе ичип тургандарын далай жолу өз көзүм менен көргөм. «Бир туалетке барбайбыз» дегендер кайра кучакташып, «эзели бөлүнбөйбүз» дегендер эртеси бет карашпай калгандарын өз көзүңөр менен көрдүңөр. Сөздүн, Анттын, Шерттин тарпын чыгарып бүтүштү.

Андыктан силер буларга баалуулук эмессиңер. Силер буларга куралсыңар. Болгондо дагы арзан, аты-жыты жок, утурумдук куралсыңар. Чычалабагыла, чындык ушундай.

Ошондуктан булардын эч кимиси силерден өйдө эмес. Элден өйдө эмес. Элдин келечегинен, ынтымагынан, мүдөөсүнөн өйдө эмес. Мүдүрүлүп-чалынып, эптеп телчигип келаткан биздин Мамлекеттин түбөлүктүү кызыкчылыгынан өйдө эмес. Аныгында булардын көпчүлүгү адеби, наркы, чынчылдыгы, намысы жагынан карапайым адамдардан алда канча төмөн. Ушул турган эле силерден көп эсе төмөн. Ишенип койгула.

Элдин Элдиги эмнеде? Элдин Элдиги аң-сезимдүү чечим кабыл ала билгенинде. Ата-бабалардын арбагынын алдында, келечек муундардын алдында жоопкерчилигин сезгенинде. Болбосо ал Эл эмес эле, Кара Аламан. Эгерде ушуларга курал болуп, ушулар үчүн бир келген өмүрдө бири-бирибизди жаман-жакшы көрүп, бет карашпай калсак, ансыз деле бөлөк-салак болуп жаткан өлкөбүздү ого бетер ыдыратканга өз колубуз менен салым кошсок, анда биз Эл эмеспиз. Анда бизге убал жок.

Шайлоого бараарсыңар. Саясатчыларды тандап алаарсыңар, салчуңарга салаарсыңар. Бирок менин жаран катары өтүнөөрүм — булар үчүн кырылышып, бириңерди бириңер жаман көрбөгүлө. Жек көрүүгө жеткирбегиле. Эртеси эле жаманчылык-жакшылыкта бет карашаарыңарды унутпагыла.

Бет карашпай эмитен башка жагын карашкан саясатчылар биринин этин бири жеп атат. Дагы жешет. Жесе өздөрү жесин. Мага демектен бири өлүп бири калсын. Өлгөнүнөн калганы деле көптүк кылат. Далайын күнөөсүн мойнуна коюп атып салса аздык кылат. Булар кыргызга келген бир сыноо, мезгили жетсе өз жолу менен кете турган жер көчкү, азыркы учурдун азгырыгы. Булар үчүн курал болбогула.

Булар ыркырашып, чыркырашып, такыр эле адамдыктан кетип баратса баарын бириктирип туруп тыйып кое ала турган КҮЧ бололу. Бетеге кетет, бел калат, бектер кетет, Эл калат. Бетеге болбой, бел бололу, бегинен бекем Эл бололу. Айтаарым ушул, анан эми кандай тыянакка келсеңер эрк өзүңөрдө. Аманчылыкта, биримдикте көрүшөлү.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.