Канышай МАМЫРКУЛОВА: “Такалуудан тай калбай” талапкер, калганыбыз серепчи болуп кеттик»

Канышай МАМЫРКУЛОВА: “Такалуудан тай калбай” талапкер, калганыбыз серепчи болуп кеттик»

Журналист Канышай Мамыркулова көп жерде иштеген. Алгачкы кесибин мугалим болуп баштап, азыр “Жалбырак ТВ” телеканалда иштейт. Белгилүү журналист менен маек курдук.

-Канышай, өз кесибиң менен эле иштеп жатасыңбы?

— Кесибим – тилчи. К. Тыныстанов атындагы ЫМУнун филология факультетин артыкчылык менен аяктагам. Юрист кесибин окугум келет. Кызымды окутуп жатканыма байланыштуу ал каалоом аткарыла элек. Алгачкы эмгек жолум Ак-Суу районундагы академик Ж. Алышбаев атындагы орто мектебинде башталган. Өзүм окуган мектепте директордун орун басары болгом.

 -А журналисттик кесипке кандайча аралашып калдың эле?

-Журналисттик кесипке аралашып калышыма кесиптешим, группалашым, жакын курбум Жумагүл Барыктабасова менен устатым, акын Абдыжапар Эгембердиевдин таасири бар. Бирөөсү сунуштады, экинчиси колдоду. Гезитте көбүрөөк эмгектендим. Теле менен гезиттин жоопкерчилиги менен милдети бирдей. Иш ыкмасында албетте айырма бар. Гезитте, басмага кеткенге чейин журналист, дизайнер, корректор эле жасаган иш-аракетти теледе чыгармачыл топ ишке ашырат.

-Силердин телеканалда «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү иштейт” деген кеп бар. Бул партияга мүчөсүңбү же жактоочусуңбу?

Телеканалдын аталган партияга тиешеси жок. Бул партияга мен мүчө эмесмин. Себеби, журналист кайсы бир партияга мүчө болгон учурда көз каранды болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан мен эч бир партияда жокмун. Албетте, мени “Ата Мекендин” жактоочусу катары кабыл алгандар дагы жок эмес. Партиянын көп жылдык тарыхы бар, ошондуктан алардын иш-аракетине журналист катары гана байкоо жүргүзүп келем.

-Кайсы телеберүүнү көрөсүң же өзүңөрдүкүнөн башканы көрбөйсүңбү?

— Көбүнчө “Евроньюсту” көрөм. Жаңылыктарын которуп жүрүп көнүп калгам. Россиянын телеканалдарын байкаштырам. Албетте, НТС, улуттук каналдын мыкты долбоорлору бар, аларды сөзсүз көрөм. Анткени, кесиптик атаандаштык менен кесиптик тилектештиктин орду болушу керек.

-«Журналист-это есть политолог» деген орустарда сөз бар го. Саясатка аралашып жатасың да?

-Саясатта аралашып жүрөм деп айта албайм го. Албетте, журналист жана жаран катары сырттан байкоо жүргүзүүгө туура келет. Кыргыз саясаты табияты менен башкачараак. Айланып келип эле саясый-укуктук маселелерде кокту-колоттук көз караштан чыга албай калышат. Көпчүлук саясатчылар “көчтөн калбай” илээшип алганы менен көптөрдүн катарын толуктап коюп келе жатышат да. Мен андай адамдарга чындап келгенде боорум ооруйт. Кайсы чөйрө болбосун, корунуп жүргөн жаман.

Өмүрбек Текебаев мыкты саясатчы да. Ага кандай баа бересиң?

-Өмүрбек Текебаевдин өзгөчө саясатчы экенин мен эмес, оппоненттери дагы моюндарына алышат. Албетте, кыргыз саясатында өз орду бар, бул адамга сыйым өзгөчө. Көбүрөөк токтолсом, окурмандар ар кандай кабыл алышы мүмкүн. Ток этээри, сындагандардын өз пикири бар, менин өз пикирим бар дегендей…Кандай десек дагы, тарыхта кала турган инсан.

— Кайсы саясатчыны жактырасың жана баалайсың?

-Роза Отунбаева жагат. Биз кадырына жетпесек дагы дүйнөлүк деңгээлде бааланууда. Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов, Мыктыбек Абдылдаев, Чолпон Жакупова сыяктуу мыкты саясатчылардан элдин уучу куру эмес. Болгону пендечиликтен улам, мындай саясатчылардын тажрыйбасын пайдаланып калгандын ордуна туура эмес мамиле кылып келе жатабыз да.

-Өзгөчө Фейсбукта көрүнбөй отуруп алып, ар кайсы саясатчыны жамандагандар оголе көп. Фейсбукта сен дагы популярдуусуң, жакшы бекен же жаманбы?

(Күлүп) Популярдуулугумду деле байкаган жокмун. Күлкүлүү постторду жана күлгөн смайликтерди көп койгондуктан болсо керек. Тамашалашып калышат. Мен дагы ошондон эс алып калам. Негизи эле биз өзүбүздү Фейсбукка эрмек үчүн кирип жаткандай сезгенибиз менен социалдык түйүндөрдө маалымат алмашуу деген түшүнүк дүйнө жүзүндө калыптанып калган. Ошондуктан Фейсбукта айтылган ойлорго сөзсүз көңүл бөлөм.

-Фейсбуктагы адамдардан эмнени байкай алдың?

-Фейсбукта бардыгы бар. Азыр ар ким жактаган талапкерин болушунча мактап эле жатат. (Күлүп) Ага “көзү ачык” болбой эле коеюн. “Такалуудан тай калбай” талапкер, калганы  серепчи болуп кеттик ансыз деле. Адамдардын ар кыл мүнөзүнөн баштап, жаңылыктарды, окуяларды кабыл алуусуна чейин байкоого болот. Башка социалдык түйүндөрдү аралагандар салыштырып калышат. Мен “Фейсбукта баланчалар менен эле жазышам” деген пикирлерди окуп калам. Мисалы мен баары менен сүйлөшүп, тамашалаша берем. Адам өзүнө чек коюп, өзүн-өзү аңдыбашы керек. Албетте, тарбиянын чегинен чыкпаган оң.

-Шайлоо жакындаган сайын ар ким өз талапкерин мактап, атаандаш талапкерди жамандай баштады. Шайлоого барасыңбы?

-(Күлүп) Мен шайлоого 18 жашымда барган экемин. Калган шайлоого катыша элекмин. Бирок, муну менин кайдыгерлигим деп кабыл алууга да болбойт…

-Ким өтөт деп ойлойсуң? Бийлик күч менен өзүнүн талапкерин алып келгени калды окшойт?

-Алдыдагы шайлоонун жыйынтыгынын “таз кейпи” белгилүү эле болуп калбадыбы…

-Аялдардан жалгыз Т.Үмөталиева дайыма чыгат. Бул айымга кандай баа бересиң?

-Мунун өзү кыргыз саясатында аялдардын орду жоктугунан кабар берет. Сүйүнө турган көрүнүш эмес. Ошол Токтайым эженин чыдамкайлыгына рахмат, дайым талбай чыгып берген. Бул кишинин айта турган көп жактары бар. (Күлүп) Азыр санасам үгүткө жатып калат. Айтууга учуру келээр.

-“Жарыктыгым” деп апаңды көп жазасың. Жакшы болуп калдыбы? 

-Жакшы болуп калды, өзү айткандай, “кекиликтей” болуп башын көтөрүп, өз башына өзү ээ. Радиодон жаңылыктарды калтырбай баарын угат. Кудайга шүгүр, жарыктыгым кашымда, кызымдын курсагы ток, кийими бүтүн, тууган-урук өзү менен өзү дегендей… ”Пейилди кенен коюп”деген пендечилик девиз менен жашап жүрөбүз да эл катары.

-Жарыктыгың менен эмнелерди сүйлөшөсүң?

-Жарыктыгым экөөбүз “тема” тандабайбыз, саясаттан баштап, өзү айткандай, “батек-байпакка” чейин сүйлөшө беребиз. Эртең менен ишке кеткенче кечинде радиодон уккандарын айта берет, өзүм аралашкан окуя болсо деле жаңы угуп жаткансып, уга берем. Кечинде күндүз уккан жаңылыктарын, айылдагы эстеген окуяларын “топтоп” коет. Канча жолу уккан окуя болсо деле “ии” деп коюп, угам. Анткени, такай көңүл бура албагандан кийин, апаң менен өткөргөн ар бир мүнөт баалуу болушу керек. Айылга кетип калганда капталым бошой түшөт. Өзү дагы “кыздын төрүндө куймулчак мүлжүгөнчө, уулдун улагасында күңжилик чайнаганым артык” деп эки уулуна кеткенче шашат. Ден соолугунан улам эки уулу алаксытып алып кетет, мен кайра алып келип алам, ошентип өзү айткандай, “бир кемпирдин маселеси” биздин үй-бүлөгө эрмек. “Аштан, тойдон калтырдың” деп кээде таарынып, кайра жазылып калат. Атадан, ападан артык ким бар? Менимче, бардык эле кыргыз үй-бүлөсүндө ушундай болсо керек….

-“Кайталап турмуш куруп ал” дейби? Колуңду сурагандар көп деп угам…

-(Күлүп) Ушул маселени “күндүн темасынан” чыгарып салгам… Сага азыр “сыр” төгүп салсам, эртең талкууга “тема” пайда болот. Баш ооруткан маселе, ошол себептен ушул суроого такыр “баш оорутпайм”…

— Бир туугандарың, үй-бүлөң тууралуу айта кетсең?

-Адамдын эң жакын адамдары үй-бүлөсү эмеспи. Анын сыңарындай, менин жакындарым Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунда жашашат. Улуу эжем Гүлай Асанбековна 75ке келди. Он баласы бар, Баатыр эне. Жарыктыгымдан кийин эле мага тили өтө турган өзгөчө катардагы адам. Андан кийин эки байкем бар. (Күлүп) Кичүүсү менмин, мен эч кимге “чоң” боло албай койдум. Ошондуктан, жарыктыгым, эжем менен эки байкемди эркеси дагы, тил угаары дагы менмин десем болот.

-Кызың кайсы окуу жайда окуп жатат?

-Кызым Т. Садыков атындагы көркөм-сүрөт колледжин аяктап, учурда аталган академиянын 2-курсунда. Жарыктыгым айткандай, “жан сактай ала турган” кесип же андай эмес экендигин азырынча талдаган жокпуз. Таланты бар болгондон кийин деп таптап турабыз. Окуткан агай-эжейлерине, айрыкча Айып Алакунов устатына рахмат.

Маектешкен Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.