«Коңгуроо»: «Кул тукуму»

«Коңгуроо»: «Кул тукуму»

Биздин сайтыбыздын почтасына ушундай, орусча айтканда, “громкий” аталышта Сайпидин Султаналиевден кат келиптир. Ал алдыдагы шайлоого тынчсызданып, “кыргыз тилин сүйгөн, кыргыз калкына күйгөн адамды шайлайлы” дептир. Авторду кыскача тааныштыра кетсек, Сайпидин Санкт-Петербургда жашап, иштеп келген. Азыр Бишкекте жашайт,үй-бүлөлүү. Жогорку билимдүү. Фейсбукка “Коңгуроо” аттуу бет ачып алган. Анда эмесе, катка кезек берели.

“Мен кесибиме байланыштуу мамлекеттик кызматкерлердин семинарларына, конференцияларына, жолугушууларына, отурумдарына катышып калам. Дээрлик көбү, 95% орус тилинде өтүлөт. Кыргыз тили өнүкпөй эле өлүп барат. Мына азыркы бийликти эле мисалга алалычы. Мамлекет башында олтургандар, Президенттик жана Өкмөттүк аппаратта, министрликтерде иштеген кызматкерлерибиздин 90 пайызы орус тилинде сүйлөшөт. Анан суроо туулат. Булар кимдер? Жооп жөнөкөй. Орусча сүйлөгөн кыргыздардын 85-90 пайызы “кул тукумдарындын” небере, чөбөрөлөрү. Аны далилдөөнүн анчалык деле кыйынчылыгы жок. Булар, ыраматылык СССРдин тушунда илим-билимге, чоң-чоң кызматтарга ээ болгондордун көпчүлүгү мурунку малай адамдар менен кулдардын тукумдары бийлик бутактарына келип илинген жакыр, кембагалдардын тың чыкма балдары. Булардын аталары өз жандарын аман алып калуу үчүн, ошол мезгилдин ыплас саясатына жан дили менен кызмат кылып, тизе бүгүшкөн. Буларды таза кыргыз деп айтууга болбойт. Себеби, кулдар, жалчылар кыргызга жоопкерчилик учурунда калмактардан же бир башка улуттардан колго түшүп калып, кул катары кызмат кылып, отунун жагып, күлүн чыгарып, кара жанынын камын көрүп жүрүп, үй-бүлө күтүшүп кыргыздашып калышкан “малайлар”. Так ушундайлар Совет бийлиги орногондо билим алып, кызматка ээ болуп чыга келишти. Ал эми кыргыздын чыныгы уулдары: К. Тыныстанов, С. Карачев, И. Арабаев, Ж. Абдырахманов ж. б. у. с. кыргызга, эне тилибизге күйүп, чындыкты айткандары үчүн айыпталып, репрессияланышкан. Совет бийлиги чыныгы патриот, таза кыргыздарды “ЭЛ ДУШМАНЫ” кылып көрсөтүшкөн.

Учурдагы бийлик башында турган, кыргызча сүйлөгөнгө аракет да кылбаган, коррупцияга малынган чиновниктерибиз дал ошол “кулдардын” тукуму, небере-чөбөрөлөрү. «Кум жыйылып таш болбойт, кул чогулуп баш болбойт” дегендей, тексиздердин тукуму эч убакта кыргыздардын келечеги, тили, дили үчүн күйүп жанбайт. Кыргызча сүйлөгүсү келбегендер өздөрүн аябагандай, «билимдүү, интеллигент, маданияттуу» деп сезишет. Айрыкча адамдын сырткы келбетине карап мамиле жасашат. Элеттен келгендерди ачык эле кемсинте карагандары да толтура. Бул баягы эле СССР убагын эске салат. Союз убагында орусча билбесең шылдыңдашчу эмес беле. Азыр деле ошондой. Жалаң кыргыз отурса деле орусча сүйлөшөт.

Негизи “кул тукумунда” жоопкерчилик деген да болбойт. Алар эң биринчи кезекте өз жанын, кара курсак камын, кызыкчылыгын гана ойлогондор. Ошондуктан алар эки жүздүү, керек учурда сатып да кетишет. Демократиялык өнүккөн мамлекетти куруу алардын оюна да келбейт.

Ошондуктан, кыргыз элим өз келечегинин камын ойлосо, “кул тукумун” бийлик бутагына жолотпош керек! Жакында боло турган Президенттик шайлоодо чыныгы кыргызды сүйгөн, кыргыз элине, эне тилибизге күйгөн татыктуу Президентти тантап алалы, туугандар! Ойлон кыргыз, ойгон кыргыз!”

 Сайпидин  СУЛТАНАЛИЕВ

One thought on “«Коңгуроо»: «Кул тукуму»

  1. Қырғыз эли,
    баардық Мамлекеттик Символикаларына жана алардын қатарында өөз «Тил Символикасына» ээ, эгемен Қырғыз Республикабызды түзүп жана түптөп турған эл экендигин эң оболу биз қырғыздар өзүбүз аңдап баамдап, ошоғо тете өзүб.здү өзүбүз өз Мекенибизде «МамТил» — «Тил Символика» алып жүрүүчү жаран қатары алып жүрө албайбыз, қул туқуму сыйақтуу.
    (Negedir; «Ö, Ñ, Ü» — tamğalar jazylbai qaluuda).
    Biz qyrğyzdar, özübüzdü özübüz — Orusiyanyn koloniyasyndağy öz ara orusça süylöşüşkön;
    eskimos, evenk jana çukçalarğa — teñep, qul tuqumu syntyp, özübüzdü özübüz masqaralağan jana basmyrlağan elbiz.

Добавить комментарий для Bektursun.Отменить ответ

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.