Азимбек Бекназаров президенттикке ат салышуудан баш тартты

Азимбек Бекназаров президенттикке ат салышуудан баш тартты

Дебатта Азимбек Бекназаров: “Атамбаев жакшы сүйлөдү го, “Бирөөлөргө ысык темир басам” деп. Ошол ысык темирди Жогорку Кеңештин депутаттарына, анын ичинде — СДПКнын, “Кыргызстан”, “Республика- Ата Журт”, “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларынын депутаттарына басыш керек. Анткени алар азыр парламентте отурбай, жер кыдырып, шайлоо үгүт ишине катышып жүрүшөт»,-деди.

Ал эми Адахан Мадумаров: “жер кыдырып жүргөндө кандай гана мыйзам бузуулар болууда. Ал бардык социалдык түйүндөрдө жүрөт. Эмне аны Атамбаев көрбөй жатабы? Эгер көрбөсө, анда ал дүлөй, көзү сокур. Ханды Кудай ураарда, өз калкына кас болот” деп катуу айтты.

Дебаттын бул акыркы күнү болчу. Жыйынтыктап жатканда, Азимбек Бекназаров шайлоочуларынан кечирим сурап, президенттикке аттануудан баш тартканын билдирди.

Ал эми Фейсбукта болсо…

Сооронбай Жээнбековдун дебатка келбей калышын «Фейсбуктагылар» катуу сынга алды. Темирлан Ормуков мындай деп жазды: «Сооронбай Жээнбековдун теледебатка келбегендиги элди сыйлабастыгын жана эл менен эсептешпей коерун билдиргени…

А биз чабандыкка негизги кандидаттын жогуна нааразы болуп, бир аз «маарап», «туяктарыбызды» тыкылдатып тим болдук… Темирлан талапкерлерди “эски бут, жаңы байпакты эңсеп жатат» деп да сындаганы бар…

Ал эми активист Адил Турдукулов болсо, С.Жээнбековдун ушул сүрөтүн жайгаштырды.

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.