Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА: “Жеңген да, жеңилген да талапкерлер элди ойлогула!”

Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА: “Жеңген да, жеңилген да талапкерлер элди ойлогула!”

“Кыз-Бурак” эстрада тобунун негиздөөчүсү, КРнын эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова менен интернет аркылуу маектештик. Адегенде эле Гүлшайыр эжебизден президенттик шайлоо боюнча оюн, Ошто элдин абалы, калктын, өзүнүн маанайын сурап баштадык.

-Эже, президенттик шайлоо сиз үчүн кандай күн, майрамбы? Эгер андай болсо, анда майрамдык маанайыңыз кандай? Каалаган адамыңызга добуш бердиңиз да?

— Президенттик шайлоо өтө жооптуу күн. Анткени, жаңы президенттүү болгону турабыз да. Дегеле мен шайлоого өтө жоопкерчилик менен карайм. Кечээ, 14 –сентябрда, Бишкекте элем, өнөрпоздор чогулуп түлөө өткөргөнбүз. Ошого эртең менен учак менен учуп барып, «шайлоого сөзсүз катышуум керек» деп кайра кечинде Ошко учуп келдим. Оштогу Ломоносов орто мектебине барып, өзүм тандаган талапкерге добушумду берип келдим. Учурда маанайым жакшы. Бирок, жүрөгүмдө «шайлоо тынч өтсө экен» деген сар-санаа бар. Кудайдан жакшылык тилеп, дуба кылуудамын.

-Жашыруун болбосо кимге добуш бердиңиз? Сиз барган шайлоо участкасында тынч элеби?

-Азырынча жашыруун, айта албайм. Мен барган жер тынч, элдин маанайы жакшы. Негизи эл шайлоодо талапкерди туура тандоодон жаңылбашы керек. Туура тандасак эле өлкө өнүп-өсөт. Туура эмес тандасак, артка кетебиз же алга өспөй тушалып, бир орунда тура беребиз.

-Акча таратуу болуп жаткан турбайбы?

-Жеке мен өзүм көргөнүм жок. Бирок, кечээ, түндө, кайсы бир талапкердин жактоочулары акча таратканы боюнча мага айылдан ишенимдүү адамым чалып айтты. Акча менен добушту сатып алуу — бул акмакчылык. Элге айтаарым, акчага сатылбагыла, амбиция, эмоцияга алдырбагыла дейт элем. Президенттик тактыга ким келерин бир гана Кудай билет. Кудай буйруган адам президент болот. Ал эми талапкерлерге айтаарым, жеңген да, жеңилген да тарап элди ойлогула! Элди чабыштырбагыла! Бардык маселеге сабырдуулук, акылдуулук менен мамиле кылгыла, кыргызымдын эр-азаматтары!

-Эр-азаматтардын арасында дайыма Токтайым Үмөталиева жүрөт. Бул айымдын мындай кадамын колдойсузбу, же?

-Токтайым Үмөталиеваны мен өтө сыйлайм. Ар дайым алдыңкы айымдардын сабында жүрөт. Президенттикке талапкерлигин койгондугу табигый көрүнүш. Мен ага чоң-чоң ийгиликтерди каалайм.

-Кечээ эле саясаттан алыс болуп, саякаттап жүрдүңүз эле…

-Ооба, эки жылдан бери саякаттоону тандап алып, эс алып жүрөм. Былтыр сиңдилерим менен Бириккен Араб эмиратын кыдырганбыз. Быйыл болсо Евро турга бардык. Түркия, Италия, Испания, Португалия,Франция өлкөлөрүндө болдук.

-Кайсы өлкө эмнеси менен кандай таасир калтырды?

-Өнүккөн өлкөлөр адамга керемет таасир калтырат экен. Барган жерден жакшы энергия алып келдим. Айрыкча адамдардын жашоосу үчүн эң сонун шарттар түзүлгөндүгү өтө кубандырды. “Бизде качан ушундай жашоо болот болду экен” деп арман да кылып жиберген учурубуз болду. Адамдарга түзүлгөн шарттарга, жеңилдиктерге, Европа өлкөлөрүнүн жетишкендиктерине, байгерчиликтеги жашоосуна өтө суктандык.

-Кинотеатрга, концерттерге бара алдыңызбы?

-Биз 7 күн Коста Диадема (Costa Diadema) кораблде жүрдүк. Анын ичиндеги 1000 орундуу театрдан «Ромео жана Жульетта» спектаклин көрдүм. Бирок, тилдерин түшүнбөдүм, мурда өзүбүздөн көрүп жүргөндүктөн түшүнө алдым! Күндө кечинде классикалык, эстрадалык концерттерди үзгүлтүксүз көрүп жаттык. Айрыкча музейлерге баруу, ошол өлкөнүн тарыхы менен таанышуу, биз үчүн эстен кеткис эстелик болуп калды. 5 өлкөнүн тарыхы жөнүндө айтууга, албетте, убакыт жетпейт. Ошентсе да, кичине ар бир өлкөнүн кооздугуна токтоло кетейин. Италиядагы Коллизей, Треви фонтаны, Пизан мунарасы, Пантеон храмы, Испаниянын Барселона шаарындагы Каса-Мила искусство борбору, Готикалык квартал, Пикассо музейи, Ыйык крест, Ыйык Евлалия соборлору, Португалиянын Мальорка шаарындагы Бельвер замогу, Вальдемос монастры, Франциянын Марсель шаарындагы Нотр-Дам-де-ла-гард, Базилик, кафедралык Марсель жыйындар залы, Париждеги Лувр музейи, Эйфель мунарасы, Триумфалык арка, Кудай энесинин собору, Сакре-Кёр базелиги, Версаль. Кыскасы, биз көргөн тарыхый, кооз жерлерди айта берсем сөз жетпейт.

-Суу, аба, тамак-ашычы?

-Тамак -ашына чыдаса болот, бирок биздикине жетпейт. Суулары да биздин сууларга окшобойт. Бизде өскөн жер-жемиштер ал жакта да өсөт экен, бирок, даамы биздикиндей эмес, супсак. Кыскасы, өз өлкөбүздүн кадырына жетели, туугандар!

-“Кыз-Бурак” тобунда эмне жаңылык болууда. Күзүндө концерт берип калчу элеңиздер?

-“Кыз –Бурак” муун алмашкан сайын жашара берет турбайбы… 17- курам тандалып алынды. 16-18 жаштагы кыздар. Кудай буйруса, эмки жылы өтө турган “Кыз-Бурактын” 40 жылдык мааракесинин көркүн ачат деген ишенимдемин. Мен түптөгөн топту азыр кызым Сайкал жетектеп жатат. Бир клип тартып бүтүштү, экинчисин тартып жатышат.

-А сиз болсо Филармонияны жетектеп жатасыз. Учурда канча адам эмгектенип жатат? Мурунку муундагы чыгармачыл адамдар барбы?

-Ооба, Оштогу Филармонияны жетектеп келе жатам. Мурунку муундан Кыргыз эл артисти Фахридин Баяков, КРнын эмгек сиңирген артисттери — Кудаш Темиров, Саадабай Шабданов, Самида Халматова. Наам ала албай иштеп келе жаткандар — Абдыманап Төрөбеков менен Маматибраим Бостонкулов. Бүгүнкү күндө 130дан ашык адам эмгектенүүдө.

-Айлык акы, филармониянын абалы кандай болууда?

-Материалдык жардылыгыбызды ажо Атамбаев Алмазбек Шаршенович жеке фондунан бөлүп берген 4 миллион сом менен тикелеп алдык. Андан сырткары, бир “Мерседес” кичиавтобусту белекке берген. Гастролдук иш сапарга чыгууга, элди маданий жактан тейлөөгө шарт түзүлдү. Учурдан пайдаланып, жамаатыбыздын атынан ажобузга чоң ыраазычылык билдирем.

Маектешкен Назира СААЛИЕВА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.