Оштогу №5325 шайлоо участогунда дагы деле ызы-чуу…

Оштогу №5325 шайлоо участогунда дагы деле ызы-чуу…

Ош шаарындагы № 5325 шайлоо участогунда башталганда эле мыйзам бузуу менен башталды. Анткени алар таң эрте эле НТС телеканалынын кабарчысынын Мирбек Айтикеевди колу-бутунан алып сыртка “ыргытышкан”. Журналист аккредитациядан өткөн, киргенге укугу бар. Бирок, тигил жерде тургандар «НТС» телеканалын укканда эле ага «кол салышкан». Калганын Мирбектин өзүнөн угалы.

“Ош-Таатандын” жанында жайгашкан №5325 шайлоо участогунда мыйзам бузуу болуп жатат деген кабар түшкөн. Биз бардык. Мен күбөлүгүмдү көргөзсөм да киргизбей коюшту. Төрайымды күткүлө дешти. 15 мүнөт күттүк. Акыры өзүбүз кирип барып, тарта баштасак менин колумдагы телефонумду жулуп алып эшикке чыгарып салышты. Милиция, спортчулары аралашып мени жулкулдатып чыгарышты. Андан кийин чымыр денелүү он чакты бала элдин көзүнчө жабалактап, бөйрөк тушка да ургулап жатышты. Эч кимисин тааныбайм. Тиешелүү органдарга арыз менен кайрылдым.

Милиция бул боюнча азырынча расмий комментарий бере элек

Эсиңиздердеби, 12-октябрда, КТРдеги дебатка талапкер С.Жээнбеков келбей калбады беле. «Оштогу жолугушуулардан улам келбей калды» деп түшүндүрбөдү беле алып баруучулар. Ошол күнү Оштун мэри кайсы бир ресторандардын биринде жайыл дасторкон жайып, Жээнбековго бата берип, башына суусар тебетей, үстүнө чапан жаап жаткан сүрөтү социалдык тармактарга дароо таркаган эле. Мэр тарабынан «катуу тапшырма» берилгенби?.. Анткени, бул жерде дагы деле ызы-чуу. Өзгөчө НТСтин журналисттерин өгөйлөп жатышат…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.