Женевадагы Жеңиш французча Кыргызстанды эмне деп жазган?

Женевадагы Жеңиш французча Кыргызстанды эмне деп жазган?

Женевада жашап, иштеп жаткан белгилүү журналист Жеңиш Эдигеев бүгүнкү шайлоого кайдыгер караган жок. Тынчсызданып, “Кыргызстан «Женева трибунасында» деген аталышта Фейсбуктагы баракчасына мындай деп жазды:

“Кыргызстанды ким тааныйт? Дүйнө эли бизди канчалык билет? Дүйнөлүк картадан “көрүнбөсөк”. Экономикабызда үлкөн сандар жок болсо. Жерибизден нефть, газ оргубаса. Калпак кийип, кыргыз тилде сүйлөгөн 3 миллион чыкпаган калк болсок. Сыртты кой, ички конфликттерге аскер күчүбүз жете элек болсо… Биз дүйнөгө кантип тааныла алабыз?! Бактыга жараша буга бизде жооп бар! Ал – эч бир кемтигибизге карабастан чек ара менен тосулган, көтөргөн желек, гимнибиз бар мамлекетпиз. Экинчиси – Орто Азия чөлкөмүндө хан-султандар башкарбаган, ачык башкарууга умтулган, демократиясы бийик өлкөбүз. Демек, биз азырынча дүйнө коомчулугуна ушул нерсебиз менен “Биз мында!” деп көрүнө алабыз.

Бүгүн өлкөбүздө президенттик шайлоо. Башкалар: “Кыргыздар бийликти менчиктебей, үй-бүлө ордосуна айлантпай, бактысын чоң шайлоого байлап баратышат, эй!” деп шилекей аарчып карап турат. Бизге мына эл аралык ушул баа, ушул пикир гана керек эле. Башка майда-чүйдө, келди-кетти кемчиликтерибизди өз бактыбыздан көрөрбүз. Кеп – шайлоодо биз каалаган, каалабаган талапкердин утуп чыгышында эмес, шайлоодон соң ошол уткан, утулгандар менен бирге алга умтулган эл катары, бир кайыкта калууда. Дүйнөлүк коомчулук биздеги баланчаев же түкүнчөевдү эмес кантип шайлоого барганыбызды жана кантип шайлоодон ары жылганыбызды гана карайт. Ошондо картадан “көрүнбөгөн” калкыбыз дүйнө жүзүнө жаңылыгын көргөзөт эле. Гезиттеги макалам ушул туурасында болду. Элибизге кут келсин! Алга Кыргызстан!”

Жеңиш француз тилинде эркин жазып, сүйлөйт. Жогоруда жазганы француз тилинде гезитке жарыяланды.

En Asie Centrale la lutte continue entre démocratie et totalitarisme.

Notre démocratie est aujourd’hui en péril. Et ce, parce que notre pays est entouré par des républiques dirigées par des pouvoirs forts et totalitaires. (notre pays est entouré par des Khans et Sultanes)

Le 15 octobre prochain, nous allons élire notre quatrième président. Avec ce nouveau président pourrait arriver une nouvelle ère de démocratie. Nous aurons alors la conscience tranquille face à l’occident ; mais pas face à l’ex-URSS. Les attentes du peuple kirghiz sont une chose, celles de nos voisins, en sont une autre. Ce qui pourrait aussi changer la donne.

Lors de la précédente élection présidentielle en 2012, il y avait eu 86 candidatures. C’était un record au Guinness-book. Même si c’était un peu ridicule, cela était aussi un bon signe de démocratie. Chaque candidat avait sa vision. En revanche, pour les populations de l’ex- URSS, il ne pouvait y avoir de telle liberté. Et il aurait pu y avoir des emprisonnements. Le peuple kirghiz a dès lors beaucoup d’espoirs mais aussi beaucoup d’inquiétudes pour le 15 octobre prochain. Comme notre histoire l’a démontré, les élections ont souvent été suivies par des périodes de chaos ou de révolution. Actuellement le peuple kirghiz attend deux choses essentielles de cette election présidentielle. En premier, il espère que ce nouveau président ne créera pas de/un pouvoir familial. Deuxièmement, il attend qu’il continue à protéger cette « l’île de démocratie » qu’est notre pays, en Asie centrale. Que dieu aide mon peuple à se réaliser — Que dieu aide mon peuple à réaliser son rêve de démocratie.

Zhenishbek Edigeev, journaliste kirghiz

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.