Казакстан 5 ишкананын продукцияларын киргизүүгө тыюу салды

Казакстан 5 ишкананын продукцияларын киргизүүгө тыюу салды

Бул тууралуу Казакстандын Айыл чарба министрлиги билдирүүдө. Кыргызстандын сүт азыктарын өндүргөн беш ишканасынын продукцияларын Казакстанга киргизүүгө тыюу салынды.

Алардын маалыматына караганда, чек арадан өткөн продукцияларды текшерүү учурунда айрым мыйзам бузуулар болгон. Бул чектөө – кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл күчөгөн маалда кабыл алынган. Андан тышкары, Казакстандын Айыл чарба министрлиги эки кыргыз ишканасынын айрым продукцияларына карата лабораториялык көзөмөл күчөтүлгөнүн да маалымдады.

105 тонна салмактагы продукция кайтарылды

Фитосанитардык көзөмөл күчөгөндөн бери чек арадан 821,4 тонна продукциясы менен 117 жүк ташуучу унаа текшерүүдөн өттү. 105 тонна салмактагы продукция кайра артка кайтарылды.

Ажо айтты эле…

Кечээ, 15-октябрда, Алмазбек Атамбаев шайлоо участогунда добуш берип чыккандан кийин, журналисттердин суроосуна жооп берген. Анда чек ара боюнча да суроо болгон. Ага ажо мындай деген: “Казак бийлиги азыркы абал Кыргызстандагы шайлоого байланыштуу деп айтып жатат. Кудай буйруса, шайлоо 1-тур менен бүтсө, ошондон кийин да чек ара ачылбаса, мен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн президенттерин чукул жыйын чакырууга талап коюу укугум бар. Эгер маселе чечилбесе, анда бул уюмдун да статусу суроо болуп калат.

Эскерте кетсек, ажо Атамбаев казак бийлигин сындап чыккандан кийин, чек ара маселеси күчөтүлгөн, ошондон бери кырдаал өзгөрүлө элек.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.