Илим Карыпбеков шайлоодо канча акча тапкан?

Илим Карыпбеков шайлоодо канча акча тапкан?

КТРК телеканалынын жетекчиси Илим Карыпбеков президенттикке талапкерлерден шайлоо учурунда, КТРКга кимден канча каражат келип түшкөнү боюнча отчетун жарыялады. Талапкерлердин ичинен жарнамалык эфирге баарынан Өмүрбек Бабанов көп акча жумшаган. Ал төмөндөгүдөй болгон:

  1. Бабанов Ө.Т. — 20 781 030 сом;
  2. Жээнбеков С.Ш. — 14 296 870 сом;
  3. Сариев Т.А. — 8 022 718,3 сом;
  4. Малиев А.К. — 2 349 051,4 сом;
  5. Төрөбаев Б.Э. — 1 447 118 сом;
  6. Кочкоров У. — 246 285,76 сом;
  7. Бекназаров А. — 139 466,7 сом;
  8. Үмөталиева Т. — 31 555 сом;
  9. Зарлыков Э. — 97 800 сом

Жалпысынан — 47 411 895, 16 сом.

Бул каражаттын басымдуу бөлүгү КТРКнын жаңы көчмө студиясын алууга, Өкмөттөн алынган ссуданы жабууга, калганы техникалык жаңыланууга пайдалана турганын кошумчалаган Илим Карыпбеков.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.