Жерге берилген мумия кайра талашка түштү…

Жерге берилген мумия кайра талашка түштү…

Баткенде белгисиз кыздын мумиясы жерге берилген эле. Ал кайра талашка түштү. Бул мумияны Бишкектеги Улуттук тарых музейине кайтаруу өтүнүчү менен бир топ окумуштуулар ажо Алмазбек Атамбаевге бүгүн кайрылуу жөнөтүштү. “Бул музей экспонаты. Анын бир да динге, же этноско тиешеси жок. Маданият министрлиги көзү ачыктардын жана диний ишмерлердин сунушу менен аялдын сөөгүн жерге берди”,-деп нааразы болушууда окумуштуулар.

Түгөлбай КАЗАКОВ: “Мумия каралбай, бузула баштаган”

Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков бул маселе боюнча  «Азаттыкка» мындай деген:

Тарых музейинде 60 жылдан бери сакталып турган байыркы мумия 1997-жылдан бери каралбай, бузула баштаган. Бул маселени президентке кандай жеткиришти. Эртеден кечке тытмалап окумуштуулар изилдеп жатса, колдорунан жулуп барып Баткенге көмүп салгандай айтып жатышат. Мумия музейде 60 жыл жатты, бир окумуштуу басып келип караган жок, эч ким изилдеген жок. Муну антрополог, генетиктер, биологдор изилдеши керек эле. Союз учурунда Эрмитаждан атайын адистерди алдырып бальзамдашкан экен. Андан кийин алар таштап кеткен химиялык заттар менен бальзамдашкан. Кийин ал заттар да, адистер да жок туруп калган. Ачык жерде жаткан үчүн бузулуп баштаган. Мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгышкан. Маданият министрлиги бул маселени карап, 12-октябрда кайра ордуна алып барып көмүү чечимин чыгарган.

Мумия Баткендеги Мыктым-Гөр жерге коюлган

Эскерте кетсек, 14-сентябрда, Баткенде белгисиз кыздын мумиясы жерге берилген. Тагыраак айтканда, 1970-жылдан бери борбордук тарых музейинде турган мумия Баткен облусунун Кара-Булак айылындагы Мыктым-Гөр деген жерге коюлган. Окумуштуулардын айтуусу боюнча, бул белгисиз кыздын мумиясы 1959-жылы Баткен аймагынан табылып, көмүлгөн жеринен казылып алынып, Бишкектеги борбордук тарых музейине алынып келинген.

Быйыл ушул мумияны кайра жерге көмүү демилгесин бир катар коомдук уюмдар көтөрүп чыгып, Маданият министрлигине кайрылган. Алар бул маселени карап чыгып, 12-октябрда мумияны кайра ордуна алып барып, көмүү чечим чыгарган.

Алмазбек АТАМБАЕВ: “Мумияны көмүү туура эмес чечим болгон”

Бул маселе боюнча ажо Алмазбек Атамбаев кабардар. Себеби, 15-сентябрда, шайлоо күнү, добуш берген соң, журналисттердин бир катар суроосуна жооп берген. Ошондо так ушул кайра көтөрүлүп жаткан мумия маселеси жөнүндө суроо болгон. Ага ажо мындай деп жооп берген.

“Менимче, бул чоң ката. Мумияны көмүү туура эмес чечим болгон. Өзүн калп эле мусулманмын дегендер пайгамбардын сөзүн унутуп жатышат. Мухаммед пайгамбар бизге айткан күчтүү насааттардын бири “Билимге бир саат берсең түнү менен намаз окуганга барабар, билимге бир ай берсен үч ай орозо кармаган менен барабар” деген сөздөрүн унутуп, жанагыдай бакшыларды угуп… Билбейм, кандай болуп кетти. Мен кайгырып жатам. Бул туура эмес нерсе. Болгон иш болду. Көрөбүз, эми жоопкерчиликке тартылгандар деле болот го”,-деген.

Негизи ажо ушундай деген. Бүгүн бул маселени көтөрүп чыккан окумуштуулардын кайрылуусуна кандай жооп берет, ким билет? Күтө туралы.

Сүрөт: «Азаттыктыкы»

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Жерге берилген мумия кайра талашка түштү…

  1. Мумиянын жерге берилгени абдан туура болду. Ушунун башында Туголбай Казаков чон иштерди оз мойнуна алды буга чейин коп нерселерди укту таразалады анан ушул ишке барды да, негизи азамат. Союз развал болгондо деле Н. Назарбаев Эрмитаждан Жасабинин казанын алдыртып келбедиби, биз дагы эле Россияга младший брат болуп журо берелиби, алардын козун карап. Улуттун баалуулгун жана каада-салтын эми озубуздо сакташыбыз керек. Кыргыз эли «Арбак ыраазы болмоюн тируучулуктун иши онолбойт» дейт. Ошол учун биз арбакты сыйлайбыз. Азыр эки гана дуйно бар «тиги дуйно» жана «бу дуйно» бу дуйнодо биз жашайбыз. Тиги дуйнонун кишисин бу дуйного алып келип сактап мазактаган бул даана туркойлук, манкуртчулук. Эгер бир адам оз жакын туугандары же ата-энелерине арнап куран окутпаса ал, арбак анын тушуно кирет, качан куран окуткандан кийин кайра бир топ убакка кирбей калат, мына ушул бир эле мисал. Ал 4-кылымдагы ханышанын урпактары ким экенин азыр билинбей калды да балким ошол мумиену жерге бергенге каршы болгон адамдардын ошолор болушу мумкун. Алар улуттун баалуулугн билбей оздору манкурт болуп калган да.
    2012-жылы биз 9 патриот кыргыз балдар оз каражаттарыбызга 28-февралда 28-Панфиловчулардын эстелигинин торт тарабына Ысык-Кол, Ананьево токой чарбасынан 28 кочот карагайларды, (15-18 жыл осуп калган) Москва облусунун Волкаламск районунун Нилдила айыл управасынын эстеликтердин торт тарабына тигип келгенбиз жалпы кыргыз эли тынч болсун, тынч жашасын» деген ниетте. Эми ошол эстеликке жылда посольство аркылуу Москва облусу боюнча жашаган кыргыздар 9-майда чогулушуп, автобустар менен атайы барышып гул коюп, куран океутушуп ал куну «Жениш» майрамын белгилешкен салт болуп калган. Бул жеке эле кыргыздар учун эмес Кыргызстандан барып ошол кезде мекенибизди коргогон башка улуттар да курман болгон да. Туголбай Казаков тарыхта кала турган абдан чон иштерди жасап койду муну чуулдатпагыла, озунор чуулдап каласынар, Мумие эмне учун 14-октябрда жерге берилди, себеби «15-октябрда ото турган шайлоо тынч отсун» деген ниет каалоо, тилек менен коюлду, ал эми шайлоо чындыгында тынч отподубу, тарыхта мындай процент низкий процент алган, тынч откон шайлоо болгон эмес. «Демократиянын башталышы» деп ушуну айткыла андан коро келгиле кыргыз элим бири-бирибизди жамандабай мактаганга отолу, Шайлоо бир эле тур менен отконуно да Кудайга шугур дейли, мыйзам боюнча 50 дон процент экоо тен алып + 1 киши бир тарапта болсо ошол киши отмок да ошондо чыр чыгарса болот, бирок андай болгон жок. Чыныгы шайлоо болду. Жалпы кыргыз элим тынч жашайлычы андан коро.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.