Атамбаев кимди шайтанга салыштырды?

Атамбаев кимди шайтанга салыштырды?

Бүгүн президент алдыңкы студенттерге стипендия тапшырып жатып, кайрадан Казакстандын жетекчилиги жөнүндө сөз козгоду.

“Мен президент катары стипендияны беш-алты жолу тапшырдым, бирок стипендианттарга олуттуу нерселер жөнүндө айтпаганыма өкүнүп калдым. Ошондуктан бүгүн силер менен олуттуу темада сүйлөшкүм келип турат. Анткени Кыргызстандагы акыркы шайлоодо жаштар алданып калды. Эгемендүүлүк, идеологиялык көз карансыздык жөнүндө сүйлөгүм келип турат. Дүйнөнүн бардык өлкөлөрү өз эгемендүүлүгү үчүн күрөшүп келген”.

“Казакстандын жетекчиси кылып, мисалы, 1986-жылы Москвадан чоочун кишини дайындаган, анан Алматыда декабрды он жүздөгөн жаштар көчөгө чыгып, көпчүлүгүн атып салышкан. Эң башкысы – бүгүнкү күндө Казакстандын жетекчилиги аны унутуп койду”.

“Сөзсүз эле чет элдик аскер басып киргенде эле эгемендүүлүктөн кол жуубайт экенин көрдүк. Акыркы шайлоодо Кыргызстанга президентти сырттан таңууланды, ал кийин Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн иштемек эмес. Ал харизмасы бар, өзгөчөлөнгөн, келбеттүү талапкер. Анан, албетте, көпчүлүк ошого ишенип алышты. Шайтан да дайыма сонун кишинин кебетеси менен келет. Биз өзүбүздүн көз карансыздыгыбызды коргошубуз зарыл”.

“Бүгүн кыргыз-казак чегарасындагы көйгөйдү көрүп турабыз. Кээ бирлер айтып жатышат, бардык транспорттук жолдор Кыргызстанга Казакстан аркылуу гана келет деп. Бул жалган. Бизде башка да коңшулар бар. Эсимде, жарык, газ өчүрүшкөн. Бирок азыр Өзбекстан менен эң сонун мамиледебиз, Кытай, Тажикстан менен жакшыбыз. Ошондуктан продукциябызды сатуу үчүн башка жолдорду издешибиз керек”.

“Туура. Кыргызстанды Орусиядан үзүп жатышат. Казакстандын президенти муну ойлогон жок окшойт. Мен Казакстандын президенти жөнүндө ачууга алдырып, катуурак айтып алыпмын. Бул күндөрү ушул жөнүндө ойлондум. Тилекке каршы, Назарбаевдин айланасындагылар – Казакстан менен Назарбаевди ойлоп да койбогон олигархтар, алар өз келечегин ойлошот: батыш банктарындагы эсептерин ойлошот”.

“Мага бир нече жолу жихад жарыялашкан. Мен андан коркпойм”.

“Куранда жихад – бул кишинин дүйнөдөгү бардык жаман нерселер менен болгон күрөшү. Ошондуктан ишенгениңерге ишенгиле. Бирок кандай ишеним болбосун, анда жек көрүү, кара өзгөйлүк болбошу керек, бир гана ак санатайлык, жакшылык болушу кажет”.

“Жаманды гана көрсөңөр, анда көзүңөрдү тазалагыла. Жакшылыкка ишенсеңер, ак жол менен жүрсөңөр, эртели-кечпи, жеңип чыгасыңар. Бул сөздөрдү силерге президент боло алган киши айтып жатат”,- деди Алмазбек Атамбаев.

Бул эмне деген сөздөр? Кантип алты жыл бою мындай жетекчиге чыдап келгенбиз? Эми бир ай чыдай алабызбы? Же дагы эле оозуна келгенин оттой береби? Бүгүн Таластагы Киров суу сактагычындагы сууну толугу менен агызабыз деп турушат. Бул Казакстанды коркутуп жатканы экени түшүнүктүү. Азыр ушул боюнча казак тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп жаткан имиш. Эми Атамбаевдин Казакстанга согуш ачканы эле калдыбы? Мына өз сөзүндө “Казакстандан башка деле сонун коңшуларыбыз бар” деп олтурат. Элди ойлогон эл башчысы ушундай болобу? Чындап эле баягы Жорж Бушка айтылгандай: “маймылдын колуна граната карматып коюп” карап олтура беребизби? Бүгүн өз ишин баштаган Жогорку Кеңеш да кыргыз-казак чегарасы жөнүндө ооз ачпады. Кайда баратабыз?..

Айбалта ЧЫНОЕВ

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.