“Кыргызстан Казакстанды суусуз калтырды” деп жазып чыгышты

“Кыргызстан Казакстанды суусуз калтырды” деп жазып чыгышты

Эки күндөн бери эле “Таластагы Киров суу сактагычындагы сууну агызабыз” деп Айыл, суу чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги дүрбөлөң салды. Кечээ эртең менен министр Нурбек Мурашев: “кайсы убакта экенин билбейм, октябрда деп пландаганбыз” деп Казакстан тараптан жооп күтүп жаткандарын жашырып коюшкан. Түштөн кийин казак тарап Киров суу сактагычынан агызылган сууну кабыл алууга даяр экендигин билдиришкен.

“Эки жакка тең зыян келбейби?” деген суроо, Суу чарба жана мелиорация департаментинин башчысы Көкүмбек Таштаналиев: “Киров суу сактагычындагы сууну агызгандан эч ким зыян тартпайт. Суу сактагыч пландуу түрдө эле үч жылда бир оңдолуп, суу толук агызылат. Сууну акырындап кое беребиз, ал бир жума ичинде агып бүтөт. 19-октябрда агызып баштайбыз”,-деген.

Эскерте кетсек, Талас дарыясындагы Киров суу сактагычы 1975-жылы курулган. Кыргызстан 12 пайызын, Казакстан келишимдин негизинде 88 пайызын колдонот. Кыргызстандын суу агызышын туура эле кабыл алды Казакстан. Ал эми Орусиянын жазмакерлери “Кыргызстан Казакстанды суусуз калтырды” деп жазып чыгышты.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.