9 жашар бала курал менен кармалды

9 жашар бала курал менен кармалды

Бул тууралуу Украинанын Патрулдук полициясынан билдиришкен. Алар Украинанын Ровенск облусунан 9 жаштагы баланын башкаруусундагы унаадан курал жана маңзатын табышкан.

Бул окуя бүгүн, 20-октябрда, Ровенск облусундагы Опарипсы айылынын жанында болгон. Jeep Grand Cherokee үлгүсүндөгү унааны полициялар токтотсо, жанында атасы отурган. Баласына атасы уруксат берген.

Маалыматка караганда, текшерүү маалында унаанын ичинен курал табылган. Аны алып жүрүүгө унаа ээсинде уруксат кагазы болгон эмес. Полициячылар 9 жаштагы бала дааратканага суранып, маңзаты салынган баштыкты жок кылууга аракет кылган. Унаа ээсине айып салынып, бала апасына өткөрүлүп берилди. Учурда бул боюнча полиция иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.