Маевкада машина, үйлөрдү өрттөгөн адам кармалды

Маевкада машина, үйлөрдү өрттөгөн адам кармалды

Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Алардын билдирүүсүнө караганда, азыр ал убактылуу тергөө абагына камалды. Тергөө иштери улантылууда. Ошондон улам, анын аты-жөнү азырынча ачык айтылбайт. 27 жаштагы бала Чүйдүн тургуну экени гана айтылды. Укук коргоо кызматкерлери аны Маевкадагы бир топ күбөлөрдүн айтуусу менен кармашкан.

Эскерте кетсек, 17-октябрга караган түнү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Маевка айылында бир нече ууна, үй өрттөнгөн.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.