Зайнидин КУРМАНОВ: «Жаңылып калдым» деп Атамбаев кечирим сурашы керек!»

Зайнидин КУРМАНОВ: «Жаңылып калдым» деп Атамбаев кечирим сурашы керек!»

Тарыхчы, юрист, публицист, профессор, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери (2009-2010-жылдары болгон) Зайнидин Курмановду ажо А.Атамбаев “Зайнидин Курмановду Медет Садыркулов спикер кылган” деп студенттерге сыйлык тапшырып жатканда сүйлөгөн. Ал боюнча Зайнидин Курманов “Жалбырак ТВга” мындай деп жооп берген.

Ошондой нерсени президент болуп туруп, билбей сүйлөп жатканы өтө өкүнүчтүү. Өз миссиясын, максаттарын билиш керек да андай адам. Мен 24-декабрда спикер болуп шайлангам, а Медет Садыркулов болсо 13-мартта каза болгон. Ошон үчүн ал киши мени спикер кыла алмак эмес жана кылайын деген ою да жок болчу. Менин да оюм жок болчу спикер болуп калам деп. Андыктан Атамбаев айткан сөздөрү үчүн кечирим сураш керек, “жаңылып калдым” деп. Бул бир. Экинчиден, Атамбаевди премьер кылган Медет Садыркулов болчу, аны баардыгы билет.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.