Мавлян Аскарбековго арыз жазгандар бүгүн сотко келип береби?

Мавлян Аскарбековго арыз жазгандар бүгүн сотко келип береби?

Бүгүн, 26-октябрда, саат 16:00до “Эркин эл” саясий партиясынын лидери, “Жаңы муун” саясий кыймылынын мүчөсү, активист жаран Мавлян Аскарбековдун сот отуруму Биринчи Май сотунда уланат.

Өткөн сот отурумуна арыз жазгандар өздөрү келбей калгандыктан жылган.  Сот “аларды күч менен алып келүү” чечимин чыгарган. Сотко келбей жаткан эки адамдын арызынын негизинде УКМК М.Аскарбековго иш козгогон. “Дача-СУлуктарга жолугушууга барганда бийликти басып алууга чакырык таштаган” деген айып менен УКМК эки ай суракка алган соң иш сотко ашкан. Сотто биринчи эле келген күбө мындай айыпты четке кагып, калыс сүйлөгөн.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.