Перуда өлгөн киши тирилип…

Перуда өлгөн киши тирилип…

Перунун Тинго-Мария шаарында 24 жаштагы Мандухано деген жигит каза болуп, табытка салып коштошуп жатканда, дем алып кирген. Мындай шумдукту көргөн туугандары дароо доктур чакырып, ооруканага жеткиришкен. Бирок ал жактан врачтар экинчи жолу өлүмүн тастыкташат. Медиктер түшүндүргөндөй, анын көкүрөк булчуңдары рефлекс түрүндө гана чыңалып, кайра бошоп, ошондон улам дем алгандай көрүнгөн. Баланы кайра көрүстөнгө алып келишип, анан жерге беришти.

2001-жылы 21-майда Бразилиянын Сан-Пауло шаарында 70 жаштагы чал көргө коюп жатканда ойгонуп, сөөктүн жанында турган досунун колунан кармаган. Анда да тез жардам чакырышканда, ооруканага алып баратканда кайра жан берген. Медиктер бул шумдукту түшүндүрө албай коюшкан.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.