Сөөгү чирип бараткан таежеси менен бир ай жашап…

Сөөгү чирип бараткан таежеси менен бир ай жашап…

АКШнын Жоржиа штатында 37 жаштагы Чарльз Фредерик Петерс камакка алынды. Ал чогуу жашаган таежеси өлүп калса да, бир ай эч кимге кабар бербей, керебетте жаткан бойдон таштап койгон. 88 жаштагы Элизабет Стюарттын сөөгү чирип, жыттана баштаганда, кошуналар полицияга кабар кылган. Жээни анын денесин болгону сүлгү менен жаап койгон экен. Жытын жоготуу үчүн, бир ай бою бөлмөгө  арамизатор чачып, жыт чыгарган шамчырактарды күйгүзүп койгон. Чарльз деген “эргул” бул батирге эки жыл мурун көчүп келген экен. Ошентип ал камакка алынып, тергөө иштери башталды. Медиктердин айтуусу боюнча, кемпир өз ажалы менен бир ай мурда каза болгон.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.