Түгөлбай Казаков кызматтан өзү кеттиби же ажо кетирдиби?

Түгөлбай Казаков кызматтан өзү кеттиби же ажо кетирдиби?

Бүгүн, 28-октябрда, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин министри Түгөлбай Казаков кызматынан бошотулду. Ажо Атамбаев бул Жарлыкка кол койду. Алмазбек Атамбаев буга чейин “адамзаттын жашоо тарыхын изилдөөгө табылгыс сөөктү көмгөндөр жазасын алат” деген. Ушундан улам, «ажо кетирдиби?» деген суроо туулуп, күмөн жаратат. Эми бизде: “өз каалоосу менен кызматтан кетти” деп айтылып, ал адатка айланып калбадыбы!

Коомдук ишмер, композитор, публицист Түгөлбай Казаков 2016-жылдын сентябрь айынын бери министрликти жетектеп келген.

Түгөлбай КАЗАКОВ“Президентке маалыматты кандай жеткиришти?”

Атамбаевдин мындай сөзүнөн кийин, “Азаттык” андагы министр Түгөлбай Казаковго суроо узатып, мындай жооп алышкан: Түгөлбай мырза, президент Алмазбек Атамбаев кыргыз коомунда катуу талаш жараткан бул окуя боюнча оюн билдирип, көмгөн адамдар жазаланат деп билдирди. Президенттин мындай билдирүүсүнөн кийин мумияны тарых музейине кайтарып келүү керек деген талаптар да коюлуп жатат. Сөөк чирип кете электе кайтарылабы? Анан ким жазаланат? Көмүү чечимин чыгарган комиссиянын мүчөлөрүбү же буйрукка кол койгон министрби?

“Кыргызстанда эмнегедир ким жазаланат, ким камалат деген абдан кызыктуу маселе. Биринчиден, президентке маалыматты кандай жеткиришти? Эртеден кечке чейин муну окумуштуулар тытмалап изилдеп жатса, мен барып колдорунан жулуп алып Баткенге көөп салгандай айтып жатышат. Бул мумия музейде алтымыш жыл жатты. Бир окумуштуу басып келип караган жок, эч ким изилдеген жок. Антрополог же генетиктер изилдеши керек эле, биологдор карашы керек эле. Бир да жолу изилденген жок, бир да кагаз жок. Алтымыш жылдан бери эмне кылып отурушту? Болгону Баруздин IV-V кылымга таандык деп оозеки айткандан башка эч нерсе жок.

Экинчиден, СССР учурунда Эрмитаждан атайын адамдар келип сактайлы деп бир жолу бальзамдашкан экен. Андан кийин союз кыйрагандан бери мына 26 жыл болду. Ушул мезгил ичинде бир гана жолу 1999-жылы Эрмитаждан келип таштап кеткен химиялык заттар менен дагы бир жолу бальзамдашкан. Андан кийин андай атайын заттар жок, бальзамдалбай эле жаткан. Ачык жерде жаткан сөөк бузула баштаган. Эгер дагы жата берсе бир күнү упурап, үбөлөнүп жок болмок. Ызы-чуу ошондо чыкмак.

Азыр дүйнөлүк практикада, мисалы, он жылдан бери Голландия, Түштүк Америкада табылган эки кыздын денеси изилденип жатат. Аларда вакуумдуу атайын лаборатория бар. Адистешкен окумуштуулар чачын, клеткасын, ДНКсын изилдеп жатат. Эгер ошондой иш жүргүзүлүп жатса кайсы адам эле колунан жулуп алмак? Бизде шарт жок, ким экенин билбейбиз. Тарыхта аты калган адамдардын бири болгон болсо тарыхый факт катары көрсөтсөк болмок”,-деген Түгөлбай Казаков.

Рыскелди МОМБЕКОВ: “Кеп мумияда эмес, кеп кызматта болууда…”

Казаковдун кызматтан кетишинин себеби мумия чатагы шылтоо болду окшойт. Акыркы кездери Кыргыз мамлекеттик Тарых музейиндеги сакталып турган байыркы кыздын мумиясынын жерге берилгенде окумуштуулар байма-бай мумия боюнча сын-пикирлерди айтып келишкен. Окумуштуулардын минтип айтканын СДПК депутаты Рыскелди Момбеков четке кагып, бул маселени  Жогорку Кеңеште көтөрүп чыгып, мындай деп айткан:

Азыр айрым бир окумуштуулар тобу жакында эле Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин комиссиясынын чечими менен жерге көмүлгөн адам сөөгүнүн мумиясы тууралуу чатак чыгарууда. Алардын пикиринде, бул вандализм илимге чоӊ зыян келтирген имиш. Ошол окумуштуулар өткөн кылымдын 50-жылдары эле табылган мумияны ушул кезге чейин изилдебей эмне кылып жүрүшкөн? Эмне, аны эми эле көрө калыштыбы?

Мен мурдагы маданият министри катары, ал мумиянын таржымалын жакшы билем. Ачыгын айтыш керек, мумия бузулуп бараткан, аны көмбөгөндө эмне кылат? Улуттук илимдер академиясы аны сактоого албай койгон. Аны сатып алам дегендер да чыккан. Мумияланган аялдын сөөгүнүн кыргыз же башка экени азыркыга чейин белгисиз. Буга чейин биздин окумуштуулардын бири дагы басып келип изилдеген эмес. Орус окумуштуусунун сөөк IV-V кылымда жашаган адамга таандык деген пикири гана бар, андан башкан эч бир илимий тыянак жок. Бул жерде кеп мумияда эмес, кеп кызматта болуп жатат. Ал кишинин орду кимдир бирөөгө керек болууда”.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

One thought on “Түгөлбай Казаков кызматтан өзү кеттиби же ажо кетирдиби?

  1. Министр агайдын кеткени жакшы болуптур дагы кимдерге наам берип жиберет эле жаштарга бериш кк деп. Мумуянын комулгону жакшы болуптур, биздин окмуштууларга жарытылуу акча толонбосо же тиштери отпосо .

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.