Кыргыз-казак чек арасында 504 автоунаа кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасында 504 автоунаа кезекте турат

Бул тууралуу Жүк ташуучу айдоочулардын кесиптик кошуунунун төрагасы Дастан Мирякубов «Азаттыкка» билдирген. Анын айтымында, кечээ кечке маал чек арада 504 автоунаа кезекте туруп, тыгындын узундугу 12 чакырымды түзгөн. Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак тилек” өткөрмө бекетинде автоунаалардын казак тарапка өтүүсү дале кыйын боюнча калууда.

Эскерте кетсек, Атамбаев студенттерге сыйлык берердин алдында сөз сүйлөп, казактарды катуу сындагандан кийин чек ара маселеси башталган. 10-октябрдан тартып Казакстан чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, Кыргызстандын транспорт катнашына чектөө киргизген. Ошондон бери “Ак жол”, “Ак тилек” жана “Чоң-Капка” бекеттеринде автоунаалар жана жүргүнчүлөрдүн өтүшү кыйындаган. Эки мамлекеттин премьер-министрлери бул маселе боюнча сүйлөшүп, абалды жөнгө салууну жүргүзгөнү менен мындан майнап чыкпай келет. Ортодо карапайым эл эле кыйналууда. Бул маселени бийлик качан чечет белгисиз?

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.