Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “2010-жылы “Төбөсү ачык Көк урсун!” деп Атамбаев ант берген”

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “2010-жылы “Төбөсү ачык Көк урсун!” деп Атамбаев ант берген”

27-октябрда, мамлекет башчысы Атамбаев 12 өлкө жөнөткөн элчилердин ишеним грамоталарын кабыл алып жатып, адеттегидей ички көйгөйлөрүбүзгө орус тилинде токтолуп, кайрадан Казакстанды каарып өтүп, ЕврАзЕС өзүн актабай калгандыгын айтып келип, анан эле кыргызча белгисиз бирөөлөрдү каргап кирген:

“Мындайларды элдин каргышы урат. Аларды кудай урат. Улуу Манас дастаныбызда мындайлар жөнүндө таамай айтылган, окуп берейин.

Элди, жерди сатканды төбөсү ачык көк урсун! Төшү түктүү жер урсун! Суу бүтпөгөн чөл урсун! Толкуган дайра көр урсун! Элди, жерди сатканды, ак буудайдын наны урсун! Эненин аппак сүтү урсун! Дайыма буларды кыргыз элинин, жеринин суусу, тузу, наны урсун! Кудай урсун!

Ушундан улам, “Манасты” жакшы билген Жыргалбек Касаболотовго кайрылып, маектешсек, президент өзү “Манасты” жакшы билбейт экен. Көрсө, президенттин “Манастан” окуган үзүндүсү каргыш эмес, Манастын анты экен. Анда эмесе, туурасына көңүл буралы, туугандар!

 — Жыргалбек, ажонун каргышын катуу кабыл алгандар болду, айрымдары түшүнбөй калды “кимди каргады?” деп. Бул боюнча сен кандай ойдо калдың?

— Атамбаевдин айтып жаткан үзүндүсү — каргыштан эмес, Манастын антынан алынган.

«Тебелетип душманга

Ыйык кыргыз жеримди,

Кор кылып карап жаткыча,

Асыл кыргыз элимди,

Туулбай туна чөгөйүн,

Тирүү жүрбөй өлөйүн.

Аткарбасам антымды

Ата-баба салты урсун,

Ок тиштешкен ант урсун,

Төшү түктүү Жер урсун,

Төбөсү бийик Көк урсун,

Көкө Теӊир өзү урсун!!!» — деп айтылат.

«Форум» гезитинин 2010-жылы 18-майда басылган санында: «Мекенибиздин баатыр уулдарын эскерген жыйында, Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү чыгып сүйлөшүп, Бакиевдер сөзсүз жазаланышарын, эл үчүн таза, адилет иштеп беришерин айтышып, митинг-реквиемдин соңунда үн күчөткүч аркылуу «Манас» эпосундагы «Берген анттан мен тайсам, төбөсү ачык көк урсун, төшү түктүү жер урсун» деген саптар жаңырып, ант беришти» деп турат. Бакиевдердин бири да жазаланган жок. Өзү колунан орден алды. Кийин эч кандай жазалабай тирүү чыгарып жиберишти. Анын жанындагыларды бүт бойдон өзүнүн тегерегине топтоду. Ошол учурдагы Убактылуу өкмөт боюнча өнөктөштөрүн астын каматып, артын жамандап чыкты. Ошондо кимисин ант урушу керек экенин эл өзү түшүнүп алсын.

— Атамбаевдин чет элдик элчилердин алдында айтканы этикага жатабы? Дегеле журт башчысынын каргыш айтканы туурабы?

— Кыргыз батанын жана каргыштын күчүнө илгертен эле ишенген жана маани берген. Бирок колунда ушунча бийлиги жана мүмкүнчүлүгү турган журт башчысы каргыш айтканы туура эмес. Кыргызда «алы жетпеген акыретчил» деген кеп бар. Акаев өз убагында чоңдордун баарын чогултуп алып: «Манастын арбагы урат силерди!» деп чаңк этип койгондон көрө «Манастын арбагы колдосун» деп туруп, элге жек көрүндү болгон жүздөй жегичти аянтка чыгып атып салса, Манастын арбагы чындап ыраазы болот болчу.

— Каргышты катын киши айтчу эле, ал эми эркекке жарашабы?

— Каргыш айтуу эркекке жарашпайт, асыресе журт башчысына жараша турган нерсе эмес. Журт башчысы элдин баарын бириктиргенге аракет кылат. Элдин Өзөгүн кармайт, ар кимиси ар кайсы жакты караган элди ошол баалуулукка уютканга аракет кылат, өзүнүн Ордун жана Жолун билет. Сырттан келген элчилер — биз үчүн сый коноктор. Кыргыз башка бирөөнү чакырып алып, ага өз элинин өкүлдөрүн жамандаган эмес, бул өтө уят иш. Анчалык эле кайым айтышкысы келип атса, ошол сындаган адамдарын чакырып алып, талуу маселелерди бетме-бет отуруп талкуулашса, алардын ар бири катыра жооп берип коюуга кудурети жетмек. Көрүүнө же көмүскө бийлигин пайдаланып, бийликке караштуу каналдардан баарынан оппоненттерин шыбатып отура бериш иттин уулу Байгаранын да колунан келет.

— Каерде эмне деп сүйлөштү тегерегиндегилер айтып койсо жакшы болмок?

— Бул киши мейли, башкасынан үйрөнбөсө койсун, жанындагы протокол, этикетти көрүп калган Сапар Исаковдон бир-эки ай сабак алып койсо жакшы болмок. Кайсы жерде эмнени айтышты билип калат эле. Сындаганы да орундуу чыкмак. Сын-пикири таптакыр негизи жок дебейм. Ошол эле Бабановдун шайлоо болоор алдында Назарбаевге барып жолугуша калганы, албетте, алды-артын ойлобогон, ушундай жагдайларды эске албаган, бүтүндөй өлкөнү эки анжы ойго калтырып, чатакка түртө турган жоопкерчиликсиз кылык. Аны ачык айтыш керек. Бирок ошол эле Бабановду өстүрүп, керек болсо бийлигин пайдаланып, чоң насыя алып берип, керек болсо айрым иштерине көздү жуумп келатканын Атамбаев өзү моюнга алып айтып атат. Данияр Нарымбаевге акча берип жүргөнүн да мойнуна алды. «Анын ишин жаап коюш колдон келет болчу» деп да өзү айтты. Анын оозун бирөө тырмаган жок. Демек, бул элдин баарын бизде мыйзам эмес, баарын бийлик чечет экен деген ойго түртөт. Ансыз деле эл арасына ошондой түшүнүк кеңири тарап кетти. Анын үстүнө өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көргөн адат элден эмес, биздин жетекчилерден чыкты. Убагында Атамбаев деле шайлоо алдында Путинге барып жолугушуп келгенин жашырбаса керек. Бул жагынан Атамбаев менен Бабановдун моралдык жоопкерчилиги бирдей. «Аганы көрүп ини өсөт» болуп, өзү чоңураагына чуркап барса, иниси андан кийинкисине чуркап барып атат да. Мен дегеле шайлоо алдында башка өлкөлөрдүн чоңдоруна чуркап барган, башка өлкөнүн жетекчисине кыргыздын чокусунун атын ыйгарган саясатчылардын баарын катуу сындап келгем. Ишенбесеңер, «Чокуңду билесиңби же чоочундарга бересиңби?» деп 2011-жылы жазган макаламды окугула. Эми эл өзү калыс болсун. «Карамушкинадан коркуп кетти дебегиле, бирок маалымат жыйыны орус тилинде өтөт» деп өз тилин башка тилге басып бергенин, эл менен кеңешпей-этпей, каяша айткандарды кошо каргап-шилеп атып ЕврАзЭСке киргизип, азыр анын иштебей турганын өз көзү менен көрүп, айласы кеткенде: «мен бул тууралуу маселе коем» деп түштөн кийин акылына киргенин, улут графасын кыргыз паспортунан алып салганын, адам укуктары тууралуу ууру нормаларды мамлекеттин, улуттун укугунан жогору койгонун эске алганда — калктын каргышына ким татыктуу?

— Чек ара маселеси алигүнчө чечилбей, кезекте тургандар бийликти каргап жатышат. Атамбаев өзү барып чечип келсе болот беле?

— Саясатчылардын жоопкерчиликсиз кадамдарынан эл кыйналып, чек арада президентин баш кылып, башкасын төш кылып сөгүп отурушат. Бир топторунун товары жарактан чыгып калды. Келишимдер бузулду. Байланыштар үзүлдү. Мына ошолор каргаса жарашат. Ошолордун каргышы катуу тийет. Чыныгы каргыш деген ошолордуку. Андан көрө, ошону ойлосун. Чек арадан нары өткөрө албаса — жок дегенде мамлекеттик органдарга арзан баада уюшкандыкта сатып алып берсин. Булгап салган шымын «сен барып жууп кел» деп Сапарды кыйнабай, өзү барып эркекче бетме-бет олтуруп сүйлөшсүн. Мамилем жакшы деген Бабановду арачыга салып, астына салып айдап барсын. Ага духу жетпесе — бул жактан туруп баатыр болгону бир тыйын.

Маектешкен Эрзат МЫРЗА

One thought on “Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ: “2010-жылы “Төбөсү ачык Көк урсун!” деп Атамбаев ант берген”

  1. чынеле Жыргалбек ушинтип маек курдубу, я? журогундо жалы бар жигит экен. баягы айтышта Айтбаевге да туура сын койгон, ушул жигитти маданият министри кыла турган жигит экен

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.