Путинге кол салууга шектелген Адамдын аялы каза болду

Путинге кол салууга шектелген Адамдын аялы каза болду

Бул тууралуу Украинанын ИИМ башчысынын кеңешчиси Антон Геращенко билдирди. Алардын айтымында, Киев облусунун Глеваха айылында автоунаа аткыланган. Анын ичинде Путинге кол салууга даярдык көргөн деп шектелип жаткан чеченстандык Адам Осмаев менен аялы Амина Окуева болгон. Осмаев жаракат алып, аялы Амина каза болду. Учурда окуя болгон жерде тергөөчүлөр иштеп жатат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын июнь айында Осмаев менен Окуевага Киевде кол салуу болгон. Кылмышкер анда өзүн Le Monde деген француз гезитинин кабарчысы деп тааныштырып, алар менен жолугушкан. Ал ок чыгарганда Окуева тапанча менен жооп кайтарып, кылмышкерди оор жарадар кылган. Кол салган адамдын жанынан украин паспорту табылган. Бирок өлкө ИИМи ал документти жасалма деп эсептей турганын жана кол салууга орусиялык атайын кызматтардын тиешеси бар экенин билдирген.

Орусияда Осмаев 2012-жылкы президенттик шайлоонун алдында Владимир Путинге кол салууга даярдык көргөн деп айыпталууда.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.