ҮН КОШУҢУЗ: Бүгүн түштө Талас эли чогулат!

ҮН КОШУҢУЗ: Бүгүн түштө Талас эли чогулат!

Бүгүн, 3-ноябрда, саат 12:00до Талас облустук администрациянын алдында «Манас атанын урпактары, улуттук намыс» аттуу тынчтык жыйынына Талас эли чогулат.

29-октябрда Манастын урпактары “Манас” резолюциясын кабыл алышкан. Андагы койгон талаптары туптуура. Бүгүн ошол талаптардын кайсыны аткарылды, кайсынысы аткарылган жок, ошол боюнча сөз болот.

“Манас” резолюциясы

“Акыркы убакта КР Президенти Алмазбек Атамбаев бүтүндөй кыргыз элине жасаган расмий билдирүүлөрү эл арасына ар кандай божомолдорду, таң калууну, ачыган айтканда, элдик кыжырланууларды жаратууда. 19-октябрда Президент жогорку окуу жайларынын студенттери менен жолугушууда ал каалабаган президенттик талапкерлерге добуш берген Талас элин “Абыке, Көбүштүн тукумдары”, ал эми өзүнүн кошоматчы жактоочуларын «Манастын урпактары» деп атаган.
27-октябрда чет элдик элчилер менен жолугушууда анын саясаты менен макул болбогон адамдарды Кыргызстандан чыгып кетүүгө чакырып, казак мамлекети аларга эч кыйынчылыксыз жарандык берээрин, казак жери кең экендигин каңкуулаган.
Буга чейин президент А. Атамбаев “Нарын элин койсуңар” деп, анын саясаты менен макул болбогон саясатчыларды ар кандай одоно сөздөр менен мазактап, Ош жерине барган оппозиционер саясатчыларды ташбараңга алып, кууп чыгууга чакырган учурлары да болгон.
Бул иш-аракеттери менен президент А. Атамбаев өзүнүн Конституцияда каралган калыс, адилет эл башчылык милдеттерин аткаруунун ордуна кыргыз элин бөлүп-жаруу, бири-бирине тукуруу, эки жээкке бөлүп, аларды бири-бирине тукуруп, ортодо эрегиш отун тутандырып, жек көрүүнү козутуу аракеттерин жасоону адатка айландырып алды.
Талас областынын жашоочулары президенттин бул жосунсуз жоруктарын кескин айыптайт жана А.Атамбаевдин бийлик жүргүзгөн 2011-жылдар мезгилинде бажы системасында өрчүп-өскөн коррупциялык системаны тез аранын ичинде жөнгө салып, анын жетекчилигин иш-аракеттерин тыкыр текшерүүгө алып, жоопко тартуу зарыл деп эсептейт. Эгер мындай иштер жасалбаса, анда бажыдан сол чөнтөккө түшүп жаткан миллиардарга президент А.Атамбаевдин да тиешеси бар деп эсептейт.
Жогорудагыларды белгилөө менен митингдин катышуучулары КР Президенти А.Атамбаевден, Жогорку Кеңештен жана Кыргыз өкмөтүнөн талап кылат:
1. «Таластыктар эл эмес» дегенин, «Эгер кайсыл бир талапкер үчүн 70% добуш берсеңер, анда референдум өткөрүп, Казакстанга кошулуп кеткиле!” деген жана “Таластагы бийликти колдобогондор Абыке, Көбөштүн тукуму” дегени үчүн Талас элинен кечирим сурасын!
2. Кыргыз эли менен Казак элинин ортосундагы калыптанган достук мамилени жокко чыгарып, мамлекеттер ортосунда кастык мамилени орноткон А.Атамбаев президенттик мөөнөтү бүткөнчө мурдагы мамилени жөнгө келтирсин!
3. Бажы тармагындагы коррупцияны тизгиндөө жана жоюу максатында ал тармакты тыкыр текшерип, Казакстандын премьер-министри Б. Сагинтаев ЕАЭБ жыйынында айтылган сын-пикирлерине жыйынтык чыгаруу жана күнөөлүү мамлекеттик кызматкерлерди кылмыш жообуна тартуу маселесин тез арада чечилсин!”

Мына, туугандар! Туура, көйгөйлүү маселени талап кылышкан. Бул көтөрүлгөн маселе бардыгыбыздын эле көйгөйүбүз! “Талас элинин проблемасы” деп четте карап турбай, жок дегенде үн кошуңуз! Үн кошуңуз, бир боорум!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.