Эртең Акүйдүн алдына эл чогулат!

Эртең Акүйдүн алдына эл чогулат!

Эртең, 8-ноябрда саат 9.30да Акүйдүн алдында  “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактайлы» аталышта тынчтык митинги өтөт. Бул жыйынга көрүнүктүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, укук коргоочулар жана Фейсбукта “Мөңгүлөрдөн колуңду тарт!” аттуу акциясын уюштуруп жаткан жаштарыбыз катышат. Бул акцияга укук коргоочу Рита Карасартова активдүү катышты. Ал биздин мөңгүлөрүбүздү сактап калууга мындай деп чакырык таштады:

“Ак мөңгүлөрдү коргоп калууга чакырам!”

«Ак мөңгүлүү аска зоолор, талаалар,
Элибиздин жаны менен барабар.
Сансыз кылым Ала-Тоосун мекендеп,
Сактап келди биздин ата-бабалар!» дегендей, биз ата-бабаларыбыз сактап келген ак мөңгүлөрдү талкалатып коебузбу? Урпактарга БИЗ эмне калтырабыз? Же мөңгүлөр кайсы бир кылмыш топтун эле менчигиби? “Атайын бийлик алмашып, башаламан болгончо өткөрүп кетели” деп жатышат. Кыргыз элинин чыккынчыларынын ысымдарын жана сүрөттөрүн аныктайлы. Бул маселени жөн калтыруу болбойт! Андыктан, эртеңки жыйынга келип, үн кошуңуз! Бул жыйын жөнүндө Бишкек шаарынын мэриясын, УКМКны жана КР ИИМ кабарлап койдук. Кайдыгер эмес жарандарды, биздин жаныбыз менен барабар болгон баалуулуктарыбызды — мөңгүлөрдү коргоп калууга чакырам!”,-дейт укук коргоочу Рита Карасартова.

Көтөрүлүп жаткан көйгөйлүү маселеге кайдыгер карабаңыз! Келип, үн кошуңуз!

Нази БАЯН кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.