Эртең Элдик Курултай болот

Эртең Элдик Курултай болот

Эртең, 9-ноябрда, Жалпы Республикалык Элдик Курултай өтөт. Убакыт, сааты бүгүнкү “Кыргызстандын мөңгүлөрүн сактайлы!” аттуу тынчтык митингдин соңунда айтыларын активдүү жаран Айбек Мырза билдирди.

Айбек Мырза: “2017-жылдын 3-ноябрында Талас шаарында болуп өткөн Талас облусунун тургундарынын митингинде элдин күчтүү духу менен кабыл алынган чечимине ылайык, Бишкек шаарында жалпы республикалык Элдик Курултай чакыруу демилгеси көтөрүлгөн эле. Бул маселе боюнча Бишкек шаарындагы ар кайсы тармактын, аймактын, уюмдардын улуу-кичүү өкүлдөрү чогулуп сүйлөшүүлөр жүрдү. Жыйынтыгында, азыр курч маселе катары көтөрүлүп жаткан мөӊгүнү сактап калуу максатында, 8-ноябрда, саат 09.00до Ак үйдүн алдында митинг уюштурулуп жаткандыгына жана уюштуруу маселелери убакыт талап кылгандыгына байланыштуу 9-ноябрда өткөрүлө турган Жалпы Республикалык Элдик курултай качан, кайсы жерде өтөрү эртең мөӊгү маселесине арналган митингдин соңунда жарыяланат”,-дейт.

Бүгүнкү да, эртеңки да өтө маанилүү маселе. Кыргызстандын келечеги үчүн десеңиз, четте карап турбай, келип, үн кошуңуз!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.