Аида Салянованын инисинин сөөгү бүгүн жерге берилди

Аида Салянованын инисинин сөөгү бүгүн жерге берилди

Бүгүн, 8-ноябрда, канкорлордун колунан каза болгон Улан Саляновдун сөөгү Ысык-Ата районундагы Биринчи Май айылында жерге берилди. Маркум 42 жашта гана болчу. Артында эки баласы калды.

Эскерте кетсек

6-ноябрга караган түнү, болжол менен саат 02:30 “Көк Жар” конушунун Достоевский көчөсүндө жашаган Улан Саляновдун үйүнө беткап кийген белгисиз адамдар куралчан кирип, кол салган. Канкорлордун колунан оор жаракат алган Улан ооруканага жеткирилип, көз жумган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө жүрүүдө. (Видео)

Канкорлордун колунан каза тапкан Улан Саляновдун ата-энесине, бир тууган эжеси депутат Аида Саляновага, жубайына, балдарына “Алакан” сайтынын эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт. Уландын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.