Зайырбек АЖЫМАТОВ, акын: “Мөңгү, мөңгү, мөңгүм, келбейт сени көмгүм…”

Зайырбек АЖЫМАТОВ, акын: “Мөңгү, мөңгү, мөңгүм, келбейт сени көмгүм…”

«Өкмөт менен партия… парламенттин акыркы чечимине карата мамилебизди Зайырбектин ушул ырынан артык эч ким айта албаса керек” деп акын Жыргалбек Касаболотов айткандай, Зайырбектин ыры түшүнгөн кишиге жандүйнөнү титиретет. Мөңгүнү көмбөй, аны сактаганга түртөт.

“Мөңгү, мөңгү, мөңгүм,
Миң жылдарды көрдүң…
Көктү тиреп турдуң,
Көркү болуп төрдүн…

Зобололуу ордуң,
Зору сенсиң зордун.
Тамырысың суунун,
Таажысысың тоонун…

Жүрөгүсүң жердин,
Жүлүнүсүң элдин.
Жырткычты да баккан,
Жумшак, кенен пейилиң.

Мөңгү, мөңгү, мөңгүм,
Мөгдөгөнүң көрдүм…
Куту качып жердин,
Куму учкансыйт чөлдүн,
Келбейт сени көмгүм…”

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.