Иманалиев менен Акаев Орусиядан кимдерге жолукту?

Иманалиев менен Акаев Орусиядан кимдерге жолукту?

Бүгүн, 9-ноябрда, Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында мигранттардын көйгөйүн үч депутат учкай айтып өттү. Алар: Каныбек Иманалиев, Аида Касымалиева жана Жанарбек Акаев. Эл өкүлдөрү Орусиядагы эмгектенип жүргөн мекендештерибиз менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуп келишкен.

Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, мигранттардын балдары өз маалында паспорт ала албай жатат. Ошондой эле Орусиядагы мекендештердин балдары мектептерин бирдиктүү мамлекеттик экзамен менен бүтүрүп, Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө катыша албай, жогорку окуу жайларына тапшыра албай кыйынчылыкка тушугууда. “Дагы бир маанилүү маселе – мигранттардын укуктук жактан корголбой жатышы. Чет жердеги мекендештерге консулдарыбыз укуктук жактан көмөк көрсөтмөк турсун, кабыл албайт жатыптыр. Дегеле консулдук кызматты кандай жарандарга берүү жаатында укуктук-ченемдик акт иштеп чыгуу керек экен. КР Омбудсмендин биринчи орун басары түздөн-түз мигранттар менен иштетсе”,- дейт эл өкүлү.

Ал эми депутат Аида Касымалиева Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында базарда өрт чыгып, анда иштеген мигранттарыбыздын контейнерлери менен кошо саткан товарлары, акча каражаттары күйүп кеткендигине токтолду. А.Касымалиева аларга ипотекаларын, насыяларын төлөөдө жеңилдиктерди берүү маселесин караштырууну сунуш кылды. Ошондой эле ал жактагы мекендештер Бишкек – Ростов-на-Дону – Бишкек авиа каттамын ачуу маселесин чечип берүүнү суранышкан.

Депутат Жанарбек Акаев Орусиядагы мекендештердин жакында эле болуп өткөн Президенттик шайлоого биометрикалык маалыматтарын тапшырган күндө деле катыша албай калгандыгын маалымдады. “Дегеле эмгек мигранттардын жашоо-турмушун чагылдырып турган телеберүү ачуу керек экен”,- дейт Акаев.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.