Кыргызстандын карызы 1 айда 12,16 миллион долларга өсүптүр…

Кыргызстандын карызы 1 айда 12,16 миллион долларга өсүптүр…

Өлкөнүн карызы бир айда 12,16 миллион долларга өскөнү тууралуу Финансы министрлиги маалымдайт. Маалыматка караганда, жыл башынан бери карыз 326,13 миллион долларга көбөйгөн.

30-сентябрда мамлекеттик карыз 4 миллиард 366,55 миллион долларды (299 миллиард 800,58 миллион сомду) түзгөн. Анын 3 миллиард 968,14 миллион доллары (272 миллиард 446,54 миллион сом) тышкы карыз, 398,41 миллион доллары (27 миллиард 354,04 миллион сом) ички карыз.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.