Иранда жер титирөөдөн 200дөн ашуун киши каза болду

Иранда жер титирөөдөн 200дөн ашуун киши каза болду

Иранда жекшемби күнкү жер титирөөдөн 211ден кем эмес киши набыт болду, дагы бир жарым миңден ашууну жаракат алды.

Ирандын мамлекеттик телеканалдары билдиргендей, толук кандуу куткаруу иштери таңга маал гана башталган. Урандылар алдында кишилер бар. Көчкү куткаруучулардын жумушун кыйла оорлотууда. Айрым калктуу конуштарда электр кубаты өчүп, байланыш үзүлдү. БУУнун маалыматы боюнча, бул райондо 19 миңдей киши жашайт.

Күчү 7,3 баллды түзгөн зилзала Иран менен Ирактын чек арасында 12-ноябрда кечинде болгон. Жер титирөөнүн очогу Ирактын Сулеймания шаарынан жүз чакырым алыс аралыкта жүз берген. Жер титирөө негизинен күрттөр отурукташкан Эрбил, Халабджа жана Дохук провинцияларында дагы сезилди. Ирак бийлигинин маалыматы боюнча, Багдад шаарында бир киши өлүп, 50ү жабыр тартты.

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.