4 жаштагы кызын сабаган милицияга кылмыш иши козголуп, кыз энесине өткөрүлүп берилди

4 жаштагы кызын сабаган милицияга кылмыш иши козголуп, кыз энесине өткөрүлүп берилди

Кечээтен бери 4 жаштагы кызын сабаган зөөкүр атанын видеосу социалдык тармактарга тарап, аялзатын ыйлатып, эркектердин кыжырын келтирип, алигүнчө кызуу талкууга алып жаткан. Ошол видеодогу кызын сабаган ата сөрөй милиция кызматкери болуп чыкты, ага кылмыш иши козголгону боюнча бүгүн маалымат тарады.

Тагырагы, Ташкент шаарында төрт жашар кызын аёосуз сабаган атанын үстүнөн кылмыш иши козголгонун, ал Мирабад райондук милициясынын кызматкери экени аныкталганын, ага «Кылмыш кодексинин» төрт беренеси менен козголгон ишти Чиланзар райондук прокуратурасы карап жатканын Өзбекстандагы өзбек ММКлары жазып чыгышты. Алардын жазганына таянсак, кызын токмоктоп жаткан видеону атасы өзү тарткан. Видеону кыздын апасы милицияларга өткөрүп берген. Соттун чечими менен сабалган 4 жаштагы кызы менен 8 жаштагы баласы апасына өткөрүлүп берилген.  (Видео)

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.