ӨКМ: Эртең жаан жаап, карга айланат

ӨКМ: Эртең жаан жаап, карга айланат

Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, эртең,19-ноябрда, түнкүсүн жана эртең менен жаан жаап, карга айланышы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт.

Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, карга айланат, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунда, тоолуу райондорунда жаан-чачын жаайт. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, эртең менен жана күндүз  айрым жерлерде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Баткен, Нарын облустарында жаан жаабайт. Ал эми Бишкек шаарында асманды ала-булут каптап турат, жаан-чачын жаайт.

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.