Гүлнур ЖАЛИЛОВА, Чубак ажынын жубайы: “Мен тиешелүү жерлерге жооп берип келдим”

Гүлнур ЖАЛИЛОВА, Чубак ажынын жубайы: “Мен тиешелүү жерлерге жооп берип келдим”

Чубак ажы Жалиловдун биринчи, мыйзамдуу жубайы Гүлнур Жалилова өзүнүн жана балдарынын өмүрү коркунучта экенин айтып, “Сезим” кризистик борборунан жардам сурап кайрылганы боюнча кечээ интернет булактарда тарап, азыркыга чейин кызуу талкууланууда. Бул боюнча биз бүгүн Чубак ажы Жалилов менен Гүлнур Жалилованын жашаган жерине, үйүнө барып тактадык.

Чубак ажынын үйүнүн эшигин Гүлнур Жалилова өзү ачты…

Үйдүн дарбазасын бир келин суз маанайда ачты. Аны менен биз дарбазанын босогосунда беш мүнөт гана сүйлөштүк. Ал дарбазасынын эшигин кичине гана ачты. Амандашып, өзүбүздү тааныштырып, “Чубак ажынын үйү ушулбу? Бизге Чубак ажы менен Гүлнур Жалилова керек эле?” десек, “Мен Гүлнурмун”,-деди. “Менин жана балдарымдын өмүрү коркунучта” деп “Сезим” кризистик борборунан жардам сурап жазган маалыматыңызды тактоо үчүн жана ал-акыбалыңызды сурап коелу деп кооптонуп келдик эле. Жакшы элесиздерби? Кандайсыздар?”,-десек, “Жакшы эле. Бул боюнча мен тиешелүү жерге жооп берип келдим. Башка айтаар сөзүм жок”,-деп эшигин жаап койду.

Чубак ажы телефонун албай жатат

Бир жактуу болуп калбасын деп, бул маалыматты тактоо үчүн кечээтен бери Чубак ажы Жалиловго чалып жатабыз, гудок кетүүдө, бирок, албай жатат. Ажынын адвокаты Акин Токталиевге чалсак, аныкы да өчүк болууда…

«Сезим» кризисттик борборуна кечээтен бери чалып, «биз бул боюнча айта албайбыз, жетекчилик гана билет. Жетекчиге дүйшөмбү күнү гана жолуга аласыздар»,-деген гана жоопту угуп жатабыз.

“Сезим” кризистик борборуна барганыбыз чын”

Кошуналарынан сурайлы деп турсак, алдыбыздан бир аял чыкты. Андан сурасак, “аты-жөнүмдү жазбасаңар айтып берейин,-деди. Көрсө, бул бейтааныш аял кошунасы эле эмес, алысыраак тууганы да болуп кетет экен. Анын айтымында, Чубак ажынын үй-бүлөсү экинчи аял алганын кабыл ала алалбай жатышыптыр. Беш баласынын улуусу кызы 17 жашта, кичүү баласы 7 жашта экен. Гүлнур айымдын, балдарынын акыбалын сурасак, “жакшы эле. Гүлнурду журналисттер “ооруканада, абалы оор” деп жазып жиберишиптир. Ал туура эмес маалымат, Гүлнур ден соолугу жакшы, балдары менен үйүндө эле. Биз, мен кошунасы, тууганы да болуп кетем. Биз деле Чубак ажынын аялы, балдары менен акылдашпай, айтпай үйлөнүп алганын туура эмес эле көрдүк. Бул кыз кайдан чыга калды билбейм, бирөөнүн үй-бүлөсүн бузуп. Ал кызга жолукканча абдан жакшы жашашчу. Азыр ал кыз менен Чубак ажы Борбордук мечиттин жанындагы бир үйдө жашап жатат деп уктук. Туура эмес эле болуп калды. Бекеринен “молдонун айтканын ук, кылганын кылба” деп бекер айтылбаптыр да. Тийешелүү жерлерге Гүлнур менен чогуу барып жатам. “Сезим” кризистик борборуна бардык. Бүгүн участкалык милиция да келди. Аты Алик”,-деди.

Ороң участкалык милициясы…

Мындан соң дароо участкалык милиция Алик мырзага чалып, “бул окуя боюнча жолугуп, сүйлөшөлү”,- десек, “силер кимсиңер? Жолуга албайсыңар. Мен бошобой жатам”,-деп ороңдоп телефонун коюп койду.

“Сезим” кризистик борборуна Гулнур Жалилова мындай деп жазган:

“Мен, Жалилова Гүлнур Турдалиевна, 1982-жылы 17-июлда төрөлгөм. Мен жолдошум Жалилов Чубак Тажибаевич экөөбүз 17 жыл жашадык, ортобузда беш балабыз бар. Мен өзүмдүн жана балдарымдын жашоосунан (өмүрүбүзгө) корком. Күйөөм экөөбүздүн жашообуз жакшы болбой жатат. Күйөөмдүн балдарды өлтүрөм («чычкандын уусун берип») деген сөзүнөн улам корком. Бул адамдын тапанчасы (пистолети) да бар. Азыркы болуп жаткан окуялар да мага жана балдарыма зыяны тийип калабы деп корком. Күйөөм мен балдарым менен жашаган үйгө келишин каалабайм. Балдарыма айына бир эле жолу көрүүсүн каалайм. Балдарымдын башын айлантып, окууларына ушул окуялар абдан тоскоол болуп жатат. Тиешелүү органдар мага жардам берүүңүздөрдү суранам”,-деп жазып, аягына (07.12.2017-жыл) датаны коюп, кол койгон.

Буга чейин депутаттар да “аялын акыбалын билүү керек” дешкен…

Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн болчу. 30-ноябрда, парламент отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева бул маселе боюнча айтып, ИИМ менен Башкы прокуратурага Чубак ажы Жалиловдун үйүн текшерүүнү тапшырып, мындай деген:  «Биз көп аял алуу тууралуу кеп козголгондо унчукпай калабыз. Эртең бир диний аалым 14 жашар кызга үйлөнүп алса эмне кылабыз? Бул жерде үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө кеп болууда. Чубак ажы аялы менен ажырашпай туруп, үстүнө бир аял алып келгенин, аялына оор тийип, капа болуп жатканын мойнуна алып, ачык эле айтып жатат. Конституция боюнча, аялдар зомбулукка кабылууга жол берилбейт! Андыктан, акыйкатчы жана күч органдары Чубак ажынын жубайы зомбулукка кабылганы тууралуу билдирүүнү териштирип чыгышы керек! Анткени, Чубак ажы аялы жапа чеккенин өзү ачык жарыялап атат. Ошондон кийин муну тиешелүү органдар текшерүүгө милдеттүү!», — деген Элвира Сурабалдиева.

Мындай пикирге Аида Салянова, Аида Касымалиева да кошулган. Депутат Исхак Масалиев жана премьер-министр Сапар Исаков эки жана көп аял алууга каршылыгын билдиришкен.

Эскерте кетсек

Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы боюнча айткан сөзү 28-ноябрда тараган. Анда Чубак ажы 30 жаштагы жесир аялга үйлөнгөнүн, ага биринчи аялы бир аз капа болуп жатканын, аялынын кызганууга укугу бар экендигин айткан. Ошондон бери бул маселе талкууланып келет.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.