ЖЭБдин (ТЭЦ) директору Кыдырбаев камакка алынды

ЖЭБдин (ТЭЦ) директору Кыдырбаев камакка алынды

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) кырсыкка байланыштуу ишкананын директору Узак Кыдырбаев менен Жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорунун жетекчиси Темирлан Бримкулов камакка алынды. Бул тууралуу УКМК бүгүн билдирди. Алардын айтымында, аларга «ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган» деген айып тагылып, “Шалаакылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, кечээ суракка чакырылып, камакка алынган.

Буга чейин…

Буга чейин аталган ишкананын жетекчисинин орун басары Бердибек Боркоев менен техникалык директору Алмазбек Жусупбеков камалып, бир нече тажрыйбалуу кызматкерлер иштен кеткен. Ал эми премьер-министр Сапар Исаков иликтөөнүн жыйынтыгы менен дагы бир катар жетекчилер кызматтан кетерин айтып келет.

386 миллион долларды ким “жеген?”

Эскерте кетсек, 26-январда ЖЭБдеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, катуу суукта Бишкек шаарынын тургундарына беш күн жылуулук берилбей үшүгөн. Ушундай кырдаал Кытайдан алынган 386 миллион доллар кайда кеткени тууралуу ызы-чуу жаратып, алынган насыя канчалык максаттуу сарпталганы боюнча суроо жараткан. Бул кырсыктын себебин иликтөө боюнча өкмөт мекеме аралык комиссия түзсө, парламент депутаттык комиссия түзгөн.

Саясатка айланган ЖЭБ

ЖЭБге байланыштуу маселе саясатка айланып, экс-президент менен азыркы президент арасында да пикир келишпестер жаралды. КСДПнын төрагасы Атамбаев өткөн жуманын аягында, ЖЭБдин кышка даярдык көрүү боюнча иштерин С.Жээнбеков премьер болуп турганда өткөргөнүн айтып, аны күнөөлөгөндөй болгон. Президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева ЖЭБге Жээнбековдун тийешеси жок экендигин айтып чыкса, Атамбаевдин орун басары Фарид Ниязов Стамалиеванын айткандарын четке кагып, экөө кайым айтышкан.

ЖЭБ боюнча Жээнбеков Сегизбаевге тапшырма берген

Бүгүн Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен Антикоррупциялык кызматтын башчысы Сагынбек Исмаиловду кабыл алып, коррупциялык иштерди, анын ичинде Бишкек ЖЭБиндеги абал боюнча күрөштү күчөтүүнү тапшырды. “Кандайдыр коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш”, — деген Жээнбеков. Президенттин тапшырмасын Сегизбаев дароо аткарды окшойт, жогоруда аты аталган эки аткаминерлер УКМКнын камагына алынды. Алар туура жоопко тартылып жатабы же жокпу, аны бир Кудай билет. Балким, башка эле бир үлкөн адам чыгып калаар. Бул боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын иликтөөсүн күтө туралычы, алар эмне дейт…

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.