Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда өтөт. Үчүнчүсү бүгүн кечки саат 8де башталат

Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Түркияда өтөт. Үчүнчүсү бүгүн кечки саат 8де башталат

Ошентип күз менен кошо күткөн күн келди. Бүгүн, 2-сентябрда Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюну (салтанаттуу ачылышы кечки саат 8де) башталат. Ачылыш аземи Чолпон-Ата шаарындагы ат майданында өтөт. Ага дүйнөнүн 80ден ашык өлкөсүнөн 3000дин тегерегинде спортчу катышат. Иш-чараны чагылдыруу үчүн 50 өлкөдөн 500гө жакын ЖМК өкүлдөрү келишти. Кыргызстанда биринчи жана экинчи Көчмөндөр оюндары 2014-жылы жана 2016-жылы Ысык-Көлдөгү Кырчын жайлоосунда өткөн.

Атамбаевдин айтканы ишке ашпай калган эле…

2020-жылы Төртүнчү ДКО Түркияда өтмөй болду. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы жолугушуу учурунда айтты. «2020-жылы өтө турчу Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Түркияда өтөт. Бул жакшы саамалык менен Эрдоган мырзаны жана боордош түрк элин чын жүрөгүмдөн куттуктаймын. Түркия мамлекети бул оюндарга жаңы дем берип, көчмөн оюндарынын дүйнөгө таанымалдуулугун дагы арттырат деген ойдобуз. Кыргыз Республикасы өз тарабынан бул багытта зарыл болгон көмөктү көрсөтүүгө даяр», — деди С.Жээнбеков.

Негизи көчмөндөр оюндарын баштаганда эле (2014-жылы), андагы ажо Алмазбек Атамбаев: “Бул көчмөн элдердин, б.а. түрк тилдүү элдеринин өтмө оюндары болот. Кийинки оюндарды Түрк мамлекети өткөрмөй болду”,- деп жар салган. Тилекке каршы, андай болбоду, А.Атамбаев сөзүнөн жаңылып, көчмөн туугандар баш тартып койгону баарыбызга белгилүү эмеспи. Эми минтип андагы ажонун айтканы эки жылдан кийин ишке ашып олтурат. Эстафетаны Түркия мамлекети уланта турган болду. Дегеле Түркия менен достук мамилебиз мурдагыдай абалга келип, кубанып турган чагыбыз.

Достукту бекемдеген Сооронбай Жээнбеков

Түрк президенти Эрдоган да эки жыл мурун эки өлкөнүн мамилеси салкындап кеткенин айтып өттү. Ал 2016-жылдагы окуяга байланыштуу мамиле начарлап кеткен учурга кайра кайрылып келбөөгө ниет кыларын билдирди. Ал кечээ, 1-сентябрда үч күндүк расмий визит менен Кыргызстанга келген. Аны “Манас” эл аралык аба майданында президент Сооронбай Жээнбеков тосуп алган.

 

Р.Эрдоган III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине, 3-сентябрда — Түрк тилдүү мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин VI жыйынына катышат.

Жолугушууда эмнелер сүйлөшүлдү?

Эки президент өзүнчө сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты. Андан кийин Жээнбеков кыргыз-түрк алакасынын жаңы багыттары жана аны жогорку деңгээлге чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөнүн кеңейтилген жыйында билдирди. Эрдоган эки өлкө соода алакасын жакшыртууга басым жасашы керектигин белгиледи. Авиа каттамдардын санын көбөйтүүгө, аэропортторду оңдоого түрк тарап жардам бере турганын айтты. Сооронбай Жээнбеков эки тараптуу бардык маселелер боюнча Кыргызстандын ачыктыгын жана аларды талкуулоого дайым даярдыгын дагы бир жолу белгиледи. “Бүгүнкү биздин жолугушуулардын жыйынтыктары кыргыз-түрк кызматташтыгына күчтүү түрткү таасирдүү импульс  берет жана жаңы деңгээлге алып чыгат», — деди С.Жээнбеков. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

И баса…

Режеп Тайип Эрдоган Сооронбай Жээнбеков менен 9-апрелде Анкарада жолуккан учурдагы “гүленчилер” маселесин дагы көтөрдү. Кечээги жолугушууда бул тема дагы козголду. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Фетхуллах Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрүп, муну биротоло чечип алуу керектигин баса белгиледи. “Эгер чынында эле тууган болсок, биз башыбыздан өткөргөндөрдү туугандарыбыз да көрүшүн каалабайбыз. Бизде болгон төңкөрүш аракети Кыргызстанда болбосун. Булар аскер, полиция жана мамлекеттин бардык тармактарына кирип төңкөрүш кылат. Бир тараптан бул террордук уюм менен күрөшүп жатып Кыргызстан дагы ФЕТОну актуалдуу темалардын катарынан чыгарып, башка позитивдүү темаларга басым жасайт деп ишенем. Тажрыйбаларыбыз менен ар дайым кыргыз туугандарыбыздын жанындабыз. Бул жагдайда “Маариф” фонду абдан маанилүү, — деди Эрдоган.

Ал эми Жээнбеков Түркияга каршы иштерди колдобой турганын, “Сапат” мектептери болсо мамлекеттин толук көзөмөлүндө экенин билдирди. «Сапат» мектептери мамлекеттин көзөмөлүндө турат. Анан мен дагы айтып кетишим керек, биз боордош өлкөлөрбүз. Биздин жарандар Түркия мамлекетине кыянатчылык иштерге барбайт. Эгер кыргыз түрк мамилесине доо кетирчү аракеттер болсо андай адамдар катуу жоопкерчилик тартат”,-деди С.Жээнбеков.

Артка кайрылсак…

Мындан эки жыл мурун, 2016-жылы Түркия бийлиги диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген Кыргызстандагы билим берүү мекемелерин жабууну Кыргызстандан талап кылган. Андагы бийлик (А.Атамбаев) каршы жооп берген. Ошондон улам эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

Эскерте кетсек, “Себат” билим берүү мекемеси Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жатат. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал “Сапат” болуп өзгөргөн.

Экономика мамилеси… Форумдун жүрүшү…

Бүгүн эки өлкөнүн президенттери кыргыз-түрк бизнес-форумуна катышты. Форумга Түркия менен Кыргызстандын ар кайсы тармактардагы компанияларынын өкүлдөрү катышууда. Форумда С. Жээнбеков түркиялык ишкерлерди Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга чакырды. “1994-жылы эки мамлекеттин соода жүгүртүүсү болгону 20 миллион долларды түзсө, акыркы 23 жылда бул көрсөткүч 18 эсе көбөйүп, 2017-жылы 356 миллион долларга жетти. Эки өлкө ортосундагы товар айлантуу 1 миллиард долларга жетиши үчүн болгон күч-аракетибизди жумшашыбыз керек. Кыргызстан Түркияга экологиялык таза, органикалык азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмүн көбөйтүүгө даяр, — деди С.Жээнбеков.

6 жыл курулган мечит ачылды

Андан тышкары, президенттер Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышына катышышты. Бул имараттын долбоорун Кыргызстан менен Түркиянын муфтияттары иштеп чыккан, анын курулушуна Түркия тарап 25 миллион доллар бөлгөн. Курулуш иштери 2012-жылы башталган. 6 жыл курулган мечиттин аянты 3,5 гектарды түзөт. Мечитте төрт мунара бар, ар биринин бийиктиги 70 метр. 10 миң адамга ылайыкталган. Ал Борбор Азиядагы эң ири мечиттердин бири экени айтылган.

Дагы президенттер келүүсү күтүлүүдө…

Президенттин чакыруусу менен эң биринчи болуп келген, көп иштерге катышкан Эрдоган кечинде ДКОнун ачылыш аземине да катышат. ДКОго Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган, Орусияга караган Татарстан республикасынын президенти Рустам Минниханов бараары күтүлүп жатат. Расмий маалыматка караганда, мындан тышкары Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Аль-Шарки да катышаары күтүлүүдө.

Бир гана адам нааразы болуп келүүдө…

ДКОго экс-президент А.Атамбаев расмий чакырылган жок. Чакырылса да барбаса керек! Себеби, Р.Эрдоган менен Н.Назарбаевдин бетин кантип карайт? Ушул эки өлкөдөгү саясий мамилени солгундатып кеткен А.Атамбаевдин катасын С.Жээнбековдун жандандырып жатканы жакшы жышаан. Буга экс-президенттер да  ыраазы, мисалы, Р.Отунбаева менен А.Акаев. Элет.media сайтына, туңгуч президент А.Акаев Кыргызстандын 27 жылдыгы боюнча болуп өткөн окуялар, азыркы бийликке көз карашы, тышкы карыз, коомдук саясий абал тууралуу кенен маек бериптир. Анда ал президент С.Жээнбековдун тышкы саясаттагы кадамдарын колдоорун, бул өлкөнүн экономикалык жана социалдык абалына оң таасир этерин айтыптыр.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзү мактап, жактап алып келип, тактыга отургузган досу С.Жээнбековго башында ыраазы эле, акыркы күндөрү нааразы болуп жүрөт. Эгемендүүлүгүбүздүн 27 жылдыгына расмий чакырылса да, ден соолугун “шылтоолоп” келген жок. Анткени менен кыргызстандыктарды куттуктаган. Куттуктоосунда: «Тышкы саясат жаатында да позициябыз чыңдалды. Кыргызстан дүйнөнүн кайсы өлкөсү болбосун, тең ата сүйлөшө ала турган, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада бекем коргой ала турган өлкөгө айланды» — деп жазылган. “Тең ата сүйлөй ала турган өлкөгө айланды” деп ал президенттердин “беттен” алганын айтып жатса керек. Аларды “беттен” алган үчүн саясий мамиле солгундай түштү да. Бир нерсе болсо эле “мен бетке айтам” дей берет. Бетке айткан менен беттен алуунун айырмасын алгач билип алса жакшы болот эле. Эмне дейбиз, кандай болгон күндө да “балп” деп сүйлөгөн адамдан “кутулуп” сүйүнүп, түзүк сүйлөгөн ажо келип, кубанып турган чагыбыз. Майрамдык маанайды чөктүрбөйлү. Майрамыңыздар менен, туугандар! Бүгүнкү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышын жакшы тосуп, жакшы өткөрүп алалы! Колдон келсе колдойлу, тыюу салганды аткаралы! Арак ичкенге, тамеки чеккенге, чуркап тамак сатканга болбойт! Тартип сактап, келген конокторго маданиятыбызды, өнөрүбүздү көрсөтөлү!

Эрзат МЫРЗА

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.