Бүгүн Москва Иосиф Кобзон менен коштошту (ВИДЕО)

Бүгүн Москва Иосиф Кобзон менен коштошту (ВИДЕО)

СССРдин эл артисти, парламенттеги маданият боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары, ырчы Иосиф Кобзон узакка созулган оорудан Москвада 82 жаш курагында 30-августта көз жумган. Ал 2005-жылдан бери онкологиялык илдеттен жабыркап келген. Бул дартка кабылганы 2005-жылы аныкталган. Ага эки жолу Германияда операция жасалган. Быйыл июль айынан бери оор абалда экени айтылып, жазылып келген. Маркумду төрт күндөн бери орустун телеканалдары эскеришүүдө… Эскерүүдө 1962-жылы 25 жаштагы Иосиф Кобзон “Кутман таң” программасында “А у нас во дворе” деген ырды аткарып чыгып, бир күндө бүткүл Советтер Союзуна таанымал болгону айтылууда… Жарым кылым сахнадан түшпөй келген ырчы ырчылык менен бирге өзү бүтүргөн окуу жайда (Гнесиндер атындагы музыкалык академияда) вокалдан сабак берип келген. 1997-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасына депутат болгон.

Үй-бүлөсү

46 жыл чогуу жашаган өмүрлүк жары Нинель Михайловна Дризина маркумдун үчүнчү аялы. Ал эки жолу үйлөнүп, балалуу болгон эмес. Экинчиси атактуу актриса Людмила Гурченко болгон.

Үчүнчү жубайынан бир кыз, бир уулу бар. Жети неберелүү болгон. Бүгүн маркумдун достору жубайына, уулу Андрейге, кызы Натальяга, неберелерине көңүл айтылды жана айтылууда. Телевидение бир күндү ага арнады, басып өткөн жолун эскерүүдө. Маркум менен коштошуу аземи Москвадагы Чайков атындагы концерттик залда болуп өттү. Анын сөөгү Востряковский мүрзөсүнө, апасынын бейитинин жанына коюлду.

Кобзон «Бишкектин ардактуу атуулу» болчу…

Бул тууралуу 2016-жылы 25-майда Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкан. Маалыматка ылайык, ошол жылы мындай наам ырчынын 80 жылдык мааракесине карата ыйгарылган жана борбордун «ардактуу атуулу» төш белгиси Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутького тапшырылган.

Бүгүнкү коштошууну ВИДЕОдон көрсөңүздөр болот.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.