Жээнбеков Путин менен жолугушууну Бишкекте эмес, Дүйшөмбүдө өткөрөт. Эмнеге?

Жээнбеков Путин менен жолугушууну Бишкекте эмес, Дүйшөмбүдө өткөрөт. Эмнеге?

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапар менен бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президент Эмомали Рахмоном менен жолугушту. Эртең 28-сентябрда Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин саммити башталат, президент ага катышат.

Мамлекет башчылар кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүнүн беш жылдык программасын кабыл алышат, маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтык маселелерин талкуулашат. Жалпысынан 18 документ кабыл алынат. 2020-жылы Улуу Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого карата даярдык тууралуу да сөз болот.

Алдын ала маалыматка караганда, Душанбеде Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу өткөрөт, негизинен экономикалык мамилелер талкууланат.

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.