Легендага айланган Албанов Көбөгөн Үсөнович

Легендага айланган Албанов Көбөгөн Үсөнович

СҮРӨТТӨ: (Солдон оңго) К. Албанов, Э.Алиев, Ж.Шабиров, И,Искаков, Т,Яхьяров. 1967-жыл.

Эсен болуп, эстей жүр!

Эртең, 1-ноябрь кыргыз милициясынын кесиптик майрамы. Анын уюшулгандыгына 94 жыл болот. 1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара-кыргыз автомиялуу облусу түзүлгөндөн кийин, 1-ноябрдан тартып облустук милиция бөлүмү өз ишмердүүлүгүн баштаган. Майрамдын алдында биздин сайттын куржунуна бир нече жыл Кыргыз ССРинин ИИМдин коллегиясынын мүчөсү болгон Албанов Көбөгөн Үсөнович эскерилген кат менен кошо 51 жыл мурунку сүрөт түштү. Кат мүнөздөмө менен башталган. 

Каттын башталышы…

“Албанов Көбөгөн Үсөнович – өлкөбүздөгү кылмыштуулук менен күрөшүүдө, укуктук тартипти орнотууда эмгеги сиңген, жаш кадрларды даярдоодо жана аларды ишке машыктырууда өзүнүн бай эмгек тажрыйбасы менен чын дилинен бөлүшкөн, сезимтал, мээримдүү, дайыма жардамга келүүгө даяр жолдош, жөндөмдүү уюштуруучу. Ал бир нече ирет райондук жана облустук кеңештерге депутат болуп шайланган. Бир нече жыл Кыргыз ССРинин ИИМдин коллегиясынын мүчөсү болгон.

“Полковниктин кучагы…”

Илгери эл оозунда, өзгөчө милиционерлердин арасында “Полковниктин кучагы” деген бир лакап кеп бар эле. Бул лакап сөздүн келип чыгыш жагдайы мындай: Союздун убагында өзгөчө 1970-жылдары кайда барба кезек күтмөй болуп кеткен. Баарынан узун кезек пивонун сары челегинин жанында болор эле. Бир күндө пивонун бир сары челеги бошоп, далай акча түшүп кала турган. Анан да кызыгы ошол сары челектердин дээрлик баарында аялдар соода кылышчу. Сыягы эркектер пивонун азгырыгынан коркушчу өңдөнөт. Муну байкаган эки кылмышкер кечке жуук килейген канжарлар менен куралданып алышып, тиги аял жаңы соодасын токтотуп, кетүүгө камдана баштаган кезде кекиртегине бычак такап, кечке түшкөн акчаны бүт шыпырып кетишет… Мындай окуя бир нече ирет кайталанып, шаардык милициянын тынчы кете баштаган күндөрдүн биринде ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги К.Албанов өзүнүн орун басары К.Токоев менен шашпай түшкү тамакты ичип олтурушканда телефон шыңгырап, дагы бир сары челекти тоноп кетишкени тууралуу жана тоноп кеткен эки адамдын кебете-кешпири, кылмыш болгон жердин дареги жөнүндө багыттама келип калды. Кабар келери менен эки жетекчи чуркап чыгып даяр турган Волгага олтурушту. ИИМдин ыкчам тобу ыңгыранып чыкканча алар кылмыш болгон жерге жакындап кылышкан. Карашса эле эки жигит тызылдап чуркап, аларды көздөй качып келе жатышат. Качкындар менен тушташа түшкөндө айдоочу тык токтото койду. Көбөгөн жанынан өтүп бараткан кылмышкерди эшикти катуу ачып жыгат да, ал кайра турганча басып жыгылат. Ошондо кылмышкерди кучагына ушунчалык катуу кыскан экен, кылмышкердин көздөрү аңтарылып, өлүп кала жаздаган дешет. Аны көргөндөр “полковниктин кучагы эс оодарат экен…” деген сөздү элге таркатып жиберишкен экен. Көпкө чейин айтылып жүргөн бул сөз, азыр унутулуп баратат.

Өткөн өмүр…

Ушинтип эл оозунда легендага айланган иликтөөчү Албанов Көбөгөн Үсөнович 1926-жылы Ысык-Көл облусунун Сосновка (Ананьево) айылында туулган. Ал 1947-жылы Пржевальскидеги педагогикалык институтунун 2-курсунда окуп жүргөн кезде жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерин ИИМге тартуу боюнча өкмөттүн чечими чыгат. Ошол чечимдин негизинде Көбөгөн милициянын Фрунзедеги орто мектебине которулуп, келечек тагдыры бүт өзгөрүлөт. 1950-жылы аны ийгиликтүү окуп бүтүп, милициядагы ишин ыкчам өкүл катары баштаган. Жөндөмдүү жигитке жетекчилер колдоо көргөзүшүп, ага окуусун улантууга кеңеш беришип, Москвадагы СССРдин ИИМдин жогорку окуу жайына жиберишет. Бул окуу жайын 1959-жылы бүтүрүп келгенден кийин, Каракол милиция бөлүмүн жетектеп иштейт. Милициянын ишинде кимдин ким экени бат эле билинип калат эмеспи. Ишине так, ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылып, бүтүндөй баш-оту менен берилип иштеген жаш жигитке райондук милиция бөлүмдөрүн жетектөө ишенилип берилип, ал Жети-Өгүз, Тянь-Шань, Түп РИИБдерин жетектеп, өзүнө көргөзүлгөн ишенимдерди актай алган. Кийин 1970-жылы Нарын ОИИБин жетектеп иштесе, 1974-1983-жылдары ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгын жетектеген. Анын бул жылдарда жасаган эмгектерин эли жогору баалап, ал кылмыш иликтөө кызматында сиңирген эмгектери үчүн ”Эмгек Кызыл Туу“ ордени менен сыйланган, СССРдин Ички иштер министрлигинин “Эмгек сиңирген кызматкери” төш белгисин алган. Кайда гана иштебесин элдин урматына татыган офицер ардактуу эс алууга чыккандан кийин да эл кызматына туруп берди. Ага эми Бостеридеги “Көк толкун” эс алуу жайы ишенилип берилди. Бул эс алуу жайынын курулушу башталганы менен көп жылдарга созулуп, бүтпөй келген болчу. Анын курулушун аягына чыгарып, ишке киргизүү милдети турган. Адаттагыдай эле бул ишке да жан оту менен киришкен полковник аны бүтүрүп ишке киргизип, айланасына карагай, кайың, тал-теректердин көчөттөрүн тиктирип гүлдөткөн.

Жаркын элесин эли эч качан унутпайт!

Ооруга айла жок экен Албанов Көбөгөн Үсөнович 1992-жылы каза болуп, аскердик урмат менен сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган. Анын өмүр баянында минтип айтылат: “Албанов Көбөгөн Үсөновичтин аты өзү туулуп-өскөн Жаркынбаев айылындагы, өзү бала кезде жылаңаяк чуркап ойноп жүргөн көчөлөрдүн бирине берилди”. Демек, анын жаркын элесин эли эч качан унутпайт!”,-деп аяктаган.

Ушундай тарыхый инсанды эсен болуп, эстей жүр, кыргыз элим!

Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.