Элнура КУЛУЕВА: “Эскерүү иш-чара өз максатына жетти деп эсептейбиз”

Элнура КУЛУЕВА: “Эскерүү иш-чара өз максатына жетти деп эсептейбиз”

Белгилүү журналист Элнура Кулуева жакында эле өткөн “Биз силерди эскеребиз” аттуу иш-чараны уюштуруучулардын бири. Тажрыйбалуу кесиптеш эжебиз менен ал боюнча жана кийинки кадамдары тууралуу маек курдук.

“Документалдуу тасма даярдалууда” дедиңиздер эле. Аны ким тартып, ким демөөрчү болду?

-«Биз силерди эскеребиз» аталыштагы эскерүү иш-чарадан кийин көзү өтүп кеткен 120 журналисттин жаркын элесине арналган атайын документалдуу тасма тартылууда. Аны «Govori TV» телеканалы даярдап жатат. Ушундай жыйынтыктуу жана маанилүү иштер болууда. Бул тасманын кыргыз журналистикасынын тарыхында өз орду болот деген ишенимдебиз. Ал эми документалдуу тасмага өз салымын кошкон Жогорку Кеңештин депутаты Сулайманов Алтынбек Турдубаевичке демилгечилердин атынан ыраазычылык билдиребиз.

-Жогорку Кеңеш демекчи, алардын фондунан акча бөлүндү” деп уктук, чынбы?

-Президентке, Өкмөткө, Парламентке биздин атыбыздан кайрылуу кат жазылган эмес. Эч кимисинен 50 тыйын бөлүнгөн жок. Бул факт.

-Эскерүү иш-чараны өткөрүүдө эмнени максаттадыңыздар эле жана анын мазмуну эмнеде?

-Эскерүү иш-чаранын терең мазмуну – биримдик, шериктештик, тилектештик жана ынтымак. Ич ара бөлүнүп-жарылууну токтотуу, кесиптик ынтымакка келүү аркылуу коомду ынтымакташтыруу, өлкөнү чындап өнүктүрүш максатында жарандардын аң-сезиминде адалдыкты калыптандыруу, ар кимдин колунда курал болбоо, бөлүп-жарчу, бузуку эмес, өрүштүү, жаратман идеяларды колдоо жана өрчүтүү. Жасалма эмес, чыныгы реформаларды колдоо, мамлекеттин, жарандык коомдун жаратман күч-аракетинде колуна кол, бутуна бут болуп берүү. Иш-чарага чогулган журналисттер, саясатчылар, коомдук ишмерлер дал ушулар тууралуу чын жүрөгүнөн чыккан ой-тилегин айтышты. Ал жердин аренасында журналисттердин сүрү жана эркиндиги турду. Баса белгилечү нерсе, кесиптештердин жалпы пикиринде, басма сөз, маалымат каражаттарынын кызматкерлеринин буга чейин өтүп келаткан майрамы жаңы мазмунга, маани-маңызга ээ болгонун белгилешти.

-Мындай иш-чара өз максатына жетти деп ойлойсузбу?

-Биздин эскерүү иш-чарабыз өз максатына жетти деп эсептейбиз. Анткени, маалымат майданында сөз эркиндиги үчүн кара терин төккөн, жанын кыйган, ошондой эле аң-сезим, жүрүш-туруш, идеологиялар алмашкан, кагышкан бүгүнкү кыйын заманда биздин түйшүктүү, өзгөчө мээнетти, эркти талап кылган кесипти аркалап келаткан кесиптештер эгемен тарыхыбызда алгачкы жолу кимдир-бирөө таңуулаган, багыттаган маанайда эмес, ээн-эркин жолугушуп, сыр бөлүштү, дил төгүштү.

-Бул көп долбооруңуздун бири да. Ал мындан ары кандай ишке ашмакчы?

-Мындай масштабдуу долбоорлор колдоочулардын аркасы менен ишке аша бермекчи. Эл колдоп, бата берип турса эле иш оңунан чыгат. Биз демилге көтөрдүк, эл- журт колдоп берди. Мына, кыргыздын керемети, касиети ушунда. Өлкөнү, мамлекеттүүлүктү, ынтымакты, биримдикти, жаратмандыкты, демилгени колдогондор колдоп, өз салымын кошо берет деп ойлойм.

-Көп эле алгылыктуу иштерди жасап келатасыз. Мындай иштерди жасоо атуулдук милдетиңизби же адамдык парзыңызбы?

-Биздин адамдык, атуулдук, жарандык, журналисттик вазыйпабыз. 25 жыл аралыгында көзү өтүп кеткен 120 журналисттин ысымын атап, кайрадан бир сыдырымга салуу менен ызаат көрсөтүү атуулдук милдетибиз жана адамдык парзыбыз болчу. Эскерүүгө чакырылгандар маркумдардын эмгегин, өмүр жолун дагы бир ирет эскерип, элестерине таазим этишти. Ал жерден кеткенден кийин да өз ойлорун социалдык түйүндөргө жазышты жана жазышууда. Учурдан пайдаланып, ишибизди баалагандарга ырахмат айтып, ыраазычылык билдиребиз.

Сиз жөнүндө “жагымсыз” сөздөр да жазылды. Аны кандай кабыл алдыңыз жана ага эмне дээр элеңиз?

-Эми пендебиз да, пендечиликке алдырып эмнени гана айтпайбыз, жазбайбыз. Мыкты, тажрыйбалуу журналист Сүйүн Курманова эжебиз жазды го: “Бүгүнкү кайгы-кубанычы аралаш басма сөз майрамынын таасиринен алиге чыга албай отурам. Ушундай иш-чараны уюштурган Элнура Кулуевага, Канышай Мамыркуловага жана башка демилгечилерге эмне деп алкыш айтаарды билбей калдым! Көзү өтүп кеткен журналисттердин сүрөттөгү элестери жүрөктү сыздатып, көздөн жаш куюлтту. Кандай гана асылдардан айрылганбыз! Дээрлик баары жаштар, болуп толуп турган, биринен бир өткөн мыктылар… Алым байке жазгандай тирелишип кете беришти. Мындан ары кемибейли, азайбайлы, кесиптештер, аманчылыкта,жакшылыкта жүз көрүшүп, журналисттик шериктештигибизди бекемдейли”,-деп. Анынсыңарындай, кемибейли, жамандыкты аманчылык менен жеңели, ынтымактуу бололу! Анан дагы ушул маекти мыкты акын Чинар Калыбекова эжебиздин ыры менен аяктагым келип турат. Ал ыр көп нерсени айтып турат.

Көрө албастык
(Ар бир адамдын иштеген кызматы олтурган тагы)

Такка жеткен кезимде такылдадың,
Бир боормун! — деп сайрадың какылдадың.
Максатыңа туура келбей калган кезде…
Кургурум ай, — Жоготом! – деп, шакылдадың.

Көрө албастык! Көкүрөгүң неге кара?..
Кытмырланып, кылыгың талаа… талаа…
Адам деген алтын башты тебелейсиң,
Түрү суук, оозу ачылган сенсиң жара!

Көрө албастык! Өйдөлөсө басып келген,
Көрө албастык! Акыйкаттан качып жеңген.
Канча өмүрлөр запкы тартты сен айбандан,
Көрө албастык! Ачуу заарды чачып келген!

Бакыт баскан төрдө да сен турасың,
Ырыскысын пендемдин сен жуласың.
Көрө албастык, деле сенден кутулбайм,
Жакшылыкты жамандыкка сен бурасың.

Бир ууч өмүр, зырылдап сенден качат,
Көрбөсө деп, жакшылыкта башын катат.
Жети катар жерден чыга келгенсип…
Айкай салып, көрө албастык шондо басат.

Капырай де, кууп жетип келди бейм,
Мында дагы “дептир… дептир…” жеңди бейм.
“Кара көргө” кетип жаткан кезде да…
Көрө албастык жорто басып келди бейм.

“Андай эле, мындай эле…” – деп баштап,
Көрө албастык муну дагы тизмеге каттап.
Жөн да турбайт, безеленди бечара,
Не деген дүйнө калды! – деп, Таптап… таптап…

Оо, Тирүүлүк!
Ойлодуңбу, мунун баарын жеңем деп,
Пенделерге аруулукту себем деп.
А, байкасам. Көрө албастык көр турат.
Кычырайт оо, — Баарыңарды жеңем! – деп.

Маектешкен Күнайым КУБАНЫЧБЕК кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте как обрабатываются ваши данные комментариев.